Уулумду ошол күнү акыркы жолу көрдүм… Балдарын жоготкон аталардын күйүтү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОйноп жаткан бала. Архив
Ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу кезге чейин көчөдөн өтүп бараткан өспүрүмдөрдүн жүзүнө тигиле берем. Балким, менин балдарым болуп калсачы… Бирок эчак эле жок болушту го… Балдарынан тирүүлөй ажыраган аталардын арманы.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Дайынсыз жоголгон балдардын эл аралык күнү жыл сайын 25-майда белгиленет.

Кыргызстанда да балдарынан тирүүлөй ажыраган ата-энелердин саны бир топ эле. Былтыр милицияга баласын жоготкон 800 ата-эне арыз жолдогон. ИИМдин маалыматы боюнча, жоголгон наристелердин 90 пайызы табылган. Алардын айрымдары ушу кезге чейин изделип келет.

Sputnik Кыргызстан көп жылдан бери "балам табылып калар" деген үмүттүн шооласы менен жашаган ата-энелердин окуясын сунуштайт. Алар аталардын уруксаты менен жарыяланууда.

Бакыт Эгембердиев, кызы Диана менен уулу Акбарды алты жылдан бери издеп келет

Жыл сайын 19-майды белгилеп келебиз. Дал ушул күнү балдарым дайынсыз болуп жоголуп кетти.

© Фото / Бакыт ЭгембердиевАлты жылдан бери изделип жаткан Акбар
Алты жылдан бери изделип жаткан Акбар - Sputnik Кыргызстан
1/2
Алты жылдан бери изделип жаткан Акбар
© Фото / Бакыт ЭгембердиевАлты жылдан бери изделип жаткан Диана
Алты жылдан бери изделип жаткан Диана - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алты жылдан бери изделип жаткан Диана
1/2
Алты жылдан бери изделип жаткан Акбар
2/2
Алты жылдан бери изделип жаткан Диана

Акыркы жолу аларды 2010-жылдын 8-майында көрдүм. Биз анда Нарында "Московский" кичи районунда жашачубуз. Мен командировкага кетип жаткам. Диана менен Акбар мени кое бергилери келбей, ыйлап калышты эле. Өзгөчө кызым. Кетпей эле коёюн деп кайра аттанып кеткем.

Үч ай изделген Айганыштын сөөгү эртең менен Мырза-Акеге алынып келинип, жерге берилди
Ушу күнгө чейин бир нерсе сатып алгыла деп берген 20 сомдукту унута албайм. Болгону 20 сом бердим балдарыма… Уулум 4,5 жашта, кызым алтыда болчу. Анан кетип калдым. Майдын жыйырмаларында, балдарым уурдалгандан бир нече күндөн кийин келдим. Акыркы жолу көргөндө ыйлап мени кетиргилери келбей этектеп турушту эле…

Дианам менен Акбарымды дайым эстейм. Азыр уулум ондон ашып, кызым 12ге толду. Күнүгө, жаңы шаарга, өлкөгө келип деле балдарымды издей келем. Издеп күтө берем.

Аларды өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин да түшүнүп турам. Бирок балдарыңа кимдир бирөө залакасын тийгизип, сен аларды коргой албай жатканыңды аңдап түшүнүүдөн өткөн кордук, кыйынчылык жок экен…

Таштан Шейшеев, 13-июнду жүрөк заада болуп тособуз 

Уулумду акыркы ирет мындан беш жыл мурун дал ушул 13-июнь күнү көргөм. Жаңы эле там-туң басып, "ата", "апа" деп тили чыгып калган… 

© Фото / Таштан Бейшеев13-июнь 2011-жылы жоголуп кеткен Шабдан
Пропавший 13 июня 2011 года Шабдан - Sputnik Кыргызстан
13-июнь 2011-жылы жоголуп кеткен Шабдан

Ошол күнү Шабдан кадимкисиндей эле жыгылып туруп жүргөн. Күнү бүгүнкүдөй эсимде — башына көк топу, өңү ачык жемпир, жеңи жок жашыл күрмө кийип жүргөн. Уй сааганы чыкканда короодо ойноп жаткан. Кайра келип эле уулумду таппай калдык…

Сууга кетип калган экен деп ал жакка бардык. Болгон жердин баарын кыдырып, эч жерден таппай койдук! Кошуналар атчан аял менин улуума окшош баланы өңөрүп кеткенин көргөнүн айтышты.

Кызын көтөрүп жаткан ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атанын жашы жана адаты баланын ден соолугуна таасир берери аныкталды
Ошол күн уулумду акыркы жолу көрдүм да. Бир күн бою издеп эртеси милицияга бардык. Алар керек болсо иш козгобой коюшту. Ошондо этим үрктү булардан. Тааныштарды салгандан кийин гана кичине кыймылдамыш болушту. Андан бери беш жыл өттү. Уулубузду күтүп жүрөбүз. Азыр алтыдан өтмөк.

Эгембердиев менен Бейшеев "Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери" коомдук кыймылынын мүчөлөрү болуп саналат.

Былтыр милицияга балдардын дайынсыз жоголушу тууралуу 787 арыз түшкөн. Милиция кызматкерлери 782 баланы таап, ата-энесине кайтарып берген. Ал эми калган беш баланын тагдыры азырынча табышмак. Издөө иштери улантылып жатат.

Балдардын уурдалышынан кантип сактануу керек бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0