The Guardian: ЖКнын экс-депутаты Англиядагы эң бийик имараттан батир сатып алган

© AFP / CARL COURTЛондондогу St.George Wharf имараты. Архив
Лондондогу St.George Wharf имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
St.George Wharf имаратындагы батирлердин теңинен көбү чет элдик бизнесмендерге таандык. Алардын көпчүлүгү офшордук компаниялар аркылуу менчикке ээ болуп келишет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Британиялык The Guardian басылмасы Улуу Британиянын эң бийик имаратында Улуттук олимпиада комитетинин президенти, экс-депутат, "Аю" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун турак-жайы бар экенин жазып чыкты. Бул тууралуу аталган басылмасынын атайын иликтөөсүндө маалым болгон. 

St.George Wharf имаратындагы батирлердин теңинен көбү чет элдик бизнесмендерге таандык. Алардын көпчүлүгү офшордук компаниялар аркылуу менчикке ээ болуп келишет. 

"Шаршенбек Абдыкеримов — "Аю Холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти. Ал Лондондогу 130 бизнесмендин батири жайгашкан St.George Wharf имаратында батирлерге ээлик кылат", — деп айтылат маалыматта.

Батирлерге ээлик кылгандардын арасында Россиялык миллиардер Андрей Гурьев, Нигериянын мурунку илим жана технология министри Эбитими Баниго, ишкер Виталий Орловдор бар. 

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Басылманын маалыматына ылайык, 2013-жылы имараттагы 2014 батирдин 128и сатыкка коюлган. Алардын баштапкы баасы 2 миллион фунтка бааланган. Эң кымбат бааланган батирлер 10 миллион фунтка сатылган. 

Бийиктиги 180 метрди түзгөн St.George Wharf имараты Лондондогу эң бийик, кымбат баалуу турак-жай болуп саналат. 

Шаршенбек Абдыкеримов 2011-жылы "Республика" партиясынан депутат болуп шайланган. Ал эми 2015-жылдын 29-майында Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0