Салык кызматы коррупция менен күрөшүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Жазылуу
Мыйзам долбоорлору салык кызматынын иш аракеттериндеги бир катар коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мекемедеги тутумдашкан коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралардын деталдаштырылган планынын чегинде мыйзам долбоорлорунун тобун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Бул мыйзам долбоорлору салык кызматынын иш-аракеттериндеги бир катар коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган.

Караңгылатуу алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ өлкө жетекчилеринин унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады
Документте Салык кызматынын тутумундагы коррупциялык элементтерди жаратуучу себептерди жана шарттарды түп-тамырынан жоюуга багытталган 39 иш-чара каралган.

КР Коргоо кеңеши тарабынан коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча иш чаралардын аткарылышы дайыма текшерилип турат. 2016-жылы деталдаштырылган планды аткаруу боюнча бардыгы болуп төрт отурум өткөрүлгөн. 

Эскерте кетсек, 2015-жылы бул жаатта чакан, орто ишкердик субъектилер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн киреше салыгы, сатуудан алынуучу салыктар боюнча ай сайын тапшырылуучу отчётторду жана төлөмдөрдү кварталына бир жолу тапшыруу жолу менен жөнөкөйлөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0