Депутаттар апта аягында табигый кырсык болгон жерлерге барышат

© пресс-служба МЧС КРСузактагы жер көчкү. Архив
Сузактагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү сел, жер көчкүдөн жабыркаган үч райондун жашоочулары менен жолугат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Жалал-Абаддын жакында суу каптап, жер көчкү жүргөн айылдарга барат. Бул туурасында аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.

ӨКМ: Сузак районунда жер көчкү жүргөн аймакта күзөт уюштурулду
Алар алгач Сузактын Алмалуу-Булак айылына барып, жергиликтүү элди коопсуз аймакка көчүрүү боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышат. 

Бул жерде 27-апрелде кеч курун ири жер көчкү жүрүп, алты турак жайды жана 16 жашар баланы басып калган

Эл өкүлдөрү ушул эле күнү Базар-Коргон районунда болуп, сел алып, учурда оңодолуп жаткан көпүрө жана жолдордун абалын көрөт. 

28-майда КСДПчылар нөшөрлөгөн жамгырдан жабыр тарткан Аксы районундагы Кезарт, Чалдовар, Кара-Суу айылдарына барышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0