Футбол федерациясы менен UNICEF балдарга багытталган меморандумга кол коет

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТоп ойноп аткан балдар. Архив
Топ ойноп аткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меморандумдун негизги максаты шериктештик мамилелерди түзүү менен эки тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн эффективдүү кызматташууну камсыздоо болуп эсептелет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы менен БУУнун эл аралык балдар фонду (UNICEF) жеткинчектерге арналган долбоорлор боюнча меморандумга кол коюшат. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы билдирди. 

Кол коюу аземи шаршемби күнү Футбол федерациясынын имаратында өтөт. Анын негизги максаты шериктештик мамилелерди түзүү менен эки тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн эффективдүү кызматташууну камсыздоо болуп эсептелет. 

"Шериктештиктин алкагында футбол жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен коомчулуктун көңүлүн балдар спортуна буруу иш-чаралары жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Меморандумга Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, UNICEF тарабынан БУУдагы балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокоу кол коюшат.  

Жаңылыктар түрмөгү
0