Жети-Өгүз: окуучунун өлүмүнөн улам мектеп директору кызматынан четтетилди

© flickr.com / dahonКийим илгич. Архив
Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экскурсияга чыккан 5-класстын окуучу кызы сууга агып каза болду.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жети-Өгүз районундагы Абдракманов атындагы мектептин директору жана класс жетекчи окуучунун өлүмүнөн улам кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга агып кеткен үч жашар баланын сөөгү 12 күндөн кийин табылды
Белгилей кетсек, 21-май күнү 5-класстын окуучулары мугалимдин коштоосу менен тоого эс алууга чыгышкан. Курбулары менен ойноп жаткан 12 жаштагы кыз сууга түшүп кеткен топту аларда буту тайгаланып, сууга жыгылып агып кеткен. Аны жээкке алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөнү менен жеткинчек эсине келбей каза болгон.

Жети-Өгүз райондук билим берүү башкармалыгы окуяны тыкыр көзөмөлгө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0