Адвокат: Хажимурат Коркмазов 5 күн ичинде эркиндикке чыгат

© пресс-служба ЖКСоттолгон Хажимурат Коркмазов. Архив
Соттолгон Хажимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык соту Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Соттолуучу 10 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отургандыктан жазасын өтөп бүттү деп саналат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Соттолгон Хажимурат Коркмазов беш күн ичинде эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун иши каралып, соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. 

Ага ылайык, Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылды.

"Хажимурат Коркмазов 10 айдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат. Мыйзамга ылайык, убактылуу кармоочу жайдагы бир күн эки күнгө тете болот. Ошого байланыштуу сот чечимине ылайык, ал жазасын өтөп бүттү. Чечим УКМКга берилсе эле эркиндикке чыгышы керек. Менимче беш күн ичинде Коркмазов убактылуу кармоочу жайдан чыгат", — деди адвокат. 

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Таалай Айбашев Коркмазовдун бошотулушу боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0