09:49 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив

Нарымбаев: бизде соттук бийлик жок экен, муну жон терим менен сездим

© Пресс-служба президента КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
1769 0 0

Акыркы сөзүн сүйлөп жаткан соттолуучу Данияр Нарымбаев соттук реформа жасоого жетишпей калганына өкүнгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланып, соттолуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү.

Биринчи болуп сөз алган Данияр Нарымбаев бийликтеги кезинде соттук реформа жасоого өлгөрбөй калганына өкүнүп жатканын билдирди.

"Мен соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Ар убак мыйзамдуулукту сактап келгем. Бирок менин сотумда прокуратура тарабынан сотко кийлигишүү болгонун көрдүм. Соттор да айла жоктон бул ишке барып жатат. Ооба, мен соттук реформаны жасай алган жокмун. Биз жазган мыйзам аягына чыкпай калды. Бирок соттук отурумду өз башымдан өткөргөн соң оюм толук кандуу өзгөрдү. Мындан сырткары, сот бийлигин тез арада реформа жасоо зарыл экен. Соттук бийлик бизде жок экенине ынандым, муну өз жон терим менен сездим", — деди Нарымбаев.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Ал эми Нариман Түлеевге эки ирет мунапыс колдонулуп, үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)

Тема боюнча

Соттолуп жаткан Нарымбаев: мен эч кимден акча алган эмесмин
Коркмазов: күнөөмдү мойнума алам, акча алганым чын
Белгилер:
сот, Хажимурат Коркмазов, Нариман Түлеев, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ