Көзү азиз марафончу: көрбөсөм эле колумдан эч нерсе келбей калмак беле

© Sputnik / Табылды КадырбековАзиз Жумадилов Ысык-Көл облусунда өткөн Run The Silk Road марафонунда
Азиз Жумадилов Ысык-Көл облусунда өткөн Run The Silk Road марафонунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиз Жумадилов үчүн колдон келбей турган эч нерсе жок. Ал өз аракети менен жашоону бекер коротпой, баалай билиш керектинин далилдеп келет.

Азиз Жумадилов менен Sputnik Кыргызстан кабарчысы Ысык-Көл облусунда өткөн Run The Silk Road марафонунда таанышкан. Азиз — иш-чарага чогулган бир нече миң спортчунун бири. Айырмасы, ал марафонду баары бир көрө алган жок, себеби бул жигиттин көзү тубаса сокур. Бирок бул толук кандуу жашоо үчүн ага эч тоскоолдук кылбайт экен. 

— Кандайча?

— Мен өзүмдү элден башкачамын деп эсептебейм жана эл кылганды мен деле кыла алам. Жашоого жөнөкөйүрөөк караш керек. Бир нерсе менен алектенип, жасап көргүм келет. Коркуп отура бергенде эмне? 

— Сиздин кылгандарыңызды тегеректегилер кандай кабыл алышат? 

— Башында мага өзгөчө мамиле кылышат. Сылык-сыпаа болууга аракеттенишет, анан акырындап менин эч айырмам жоктугун жана алардан кем калышпастыгымды түшүнүшөт. Мен баарын элдей эле кылмак түгүл, алар менен атаандаша да алам (күлүп).

— Марафонго биринчи жолу катышып жатат окшойсуз?

Марафон. Күч менен жеткен жеңиш
— Ооба, биринчи жолу чуркашым. Бул жак ушундай көңүлдүү дейсиз, жөн эле баарынын чуркагысы келип турат. Мындай иш-чарлар көп нерсеге өбөлгө болот: бөтөнчө бир нерсе жасап, колуңдан көп нерсе келерин биринчи кезекте өзүң үчүн далилдегиң келет.

Мен он чакырым аралыкка чуркадым. Марафон жөнүндө досумдан билгем. Анын да көзү көрбөйт. Өткөн жылы досум катышкан, быйыл ага биз кошулдук. Бул канчалык күч-кубат берерин азыр түшүнүп турам. Спорт — бул жашоо деген чын экен. Эмки жылы да чуркайм, бирок он эмес, 21 чакырымга, машыгам да. 

— Айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү көзүнө илбеген Бишкекте кантип жан сактап жатасыз? 

— (Күлүп) Бишкекте жан сакташ үчүн жол эрежесин билсең эле жетет. Шаарда баары шашып ары-бери жүгүрүп жүрөт. Ар кандай нерселерди башыман өткөрдүм, ар бирине абалыңды түшүндүрүп отурбайсың да. Айдоочулар ар кандай мамиле кылат, албетте, урушкан учурлар болот, бирок катуу эмес. Билсеңиз, Бишкекте эл абдан түшүнүктүү, жардам керек болсо, аянышпай. 

— Демек, тобокелдиктен коркпойт экенсиз да? 

— Курч сезимдер жашоого мажбурлайт. Быйыл кышта Канттагы авиабазадан парашют менен секирдим. Коркконумду айтпаңыз, өлүп кала жаздадым: жүрөгүм ушундай лакылдады дейсиз. Мага жакшы инструктор туш болду, биз экиден секиргенбиз. Андагы сезимди сөз менен бере албайсың, секирип көрүш керек. Менин көз кан тамырларымдын басымы жогору болчу (глаукома), ошондуктан секиргенге тыюу салынган. Бирок мен баары бир тобокелге салдым да, секирдим. Андан кийин мени глаукома кыйнабай калды, укмуш (күлүп).

— Парашют мененби!? Үйдөгүлөр кантип жиберди? 

— Алар баары бүткөндөн кийин билишти. Болбосо апам мени өлтүрмөк. Кайсы эле эне өз баласын парашюттан секиргенге жиберсин? Мен да өзүмдүн апама куру эле тынчсызданбасын деп айткан жокмун. Дагы секирсем дейм, быйыл жайында сөзсүз кайталабасам… 

— Спорт, экстремалдуу эс алуу, дагы эмне менен таң калтырасыз? 

— Жакында эле караокеден жеңип алдым. 

© предоставлено Азизом ЖумадиловымИнтервью с марафонцем Азизом Жумадиловым
Интервью с марафонцем Азизом Жумадиловым - Sputnik Кыргызстан
Интервью с марафонцем Азизом Жумадиловым

— Баарына кантип үлгүрөсүз?

— Ырчы болуу — менин тилегим. Жакшы эле ырдагандай болдум, эмнеси болсо да баарына жакты. Мага эстрадалык вокал жагат. Музыка дайыма өзүнө тартчу. Мурда жөн эле гитарада ойночумун, сабак берчүмүн, эми андан чоңураак бир нерсеге жетсем дейм. 

— Токтосоңуз, гитарадан сабак дейсизби? 

— Ооба. Мен өзүм үйрөнгөм дечи, бирок ойногонум жаман эмес, ал тургай, шакирттерим бар. Он-он беш кишини ойногонго үйрөттүм. 

— Сиз менен канчалык көп сүйлөшсөм, ошончолук көп таң калып жатам… 

— Эмнесине таң каласыз? Адамдын көзү көрбөсө эле эч нерсе колунан келбей же мунжу болуп калмак беле. Бул жерде каалооң гана керек. Азыр мен укалоочунун окуусун (орто кесиптик билим) бүтүп жатам. Эмки жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эстрада факультетине тапшырам. Андыктан баары алдыда(күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0