Кыргызстандын сулуусу — 2016 менен алгачкы маек. Жеңиш, мырзалар жана "мээ" жөнүндө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мисс Кыргызстан — 2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы
Мисс Кыргызстан — 2016 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыныгы мырза кандай болушу керек жана эмне үчүн "Дүйнөнүн сулуусу" наамына ат салышууга сынакка карата арыктайм деген планы жок экенин быйылкы жылдын ай чырайлуу кызы — "Кыргызстан сулуусу — 2016" наамынын ээси Перизат Расулбек кызы айтып берди.

Sputnik Кыргызстан кабарчысы менен маегинде ал жеңишке жеткенге ким жардам бергенин жана сулуулук сынактарында эмне үчүн акыл-эс өтө маанилүү экендигин кеп салып берди.

— Өлкөнүн эң биринчи сулуусу болуу жеген эмне? Мындай сыймыктуу атты назик жаныңыз кандай көтөрдү?

Кыргызстандын эң ажарлуу кызы тандалды
— Конкурс жакында эле өттү. Мен адатымча эле ойгонуп, бардык үй оокаттарын жасадым. Андыктан "жылдыз" оорусуна чалдыга элекмин. Сен Кыргызстандын сулуусу экениң үйдөгүлөр үчүн баары бир. Биринчи кезекте сен бир үйдүн кызысың, сага жүктөлгөн милдеттер бар (күлүп).

— А жылдыз оорусучу?

— Эми… бул мен үчүн анчалык коркунучтуу эмес, алдыда ишим ушунча көп дейсиз, андыктан бул "илдетти" жуктуруп албасыма көзүм жетет.

— Конкурска эмнеге катыштыңыз?

— Ар бир кичине кыз ханзаада болгусу келет, мен деле ошондоймун. Мына, менин тилегим орундалды. Эми тилектерим максатка айланган мезгил, себеби алдыда өтө маанилүү баскыч – өлкөнү эл аралык деңгээлде көрсөтүү турат. Бул чоң жоопкерчилик, анын үстүнө сулуулук сынактары жөн гана сырткы келбетин көрсөтүп коюу менен чектелбей калган. Бул жерде мээ керек. Мен ички дүйнөң керек демекмин.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мисс Кыргызстан — 2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
"Мисс Кыргызстан — 2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы

— Азыр сулуулук конкурстарында сулуулар эле эмес, акылдуулар да катышабы?

— Башка бьюти-таймаштарда кандай экенин билбейм, бирок "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагына өтө татыктуу атаандаштар катышты.

Өткөн жылы ыңгайсыз бир абал болгон. Анда конкурсант кыздан жадыбалды сурашса, ал толкунданып кетип туура эмес жооп берген. Анан аны баары жек көрө башташты дейсиз. Бирок сахнада турганда ушунчалык толкундангандан, эч нерсени ойлой албай каласың… Бул жолу андай эч нерсе болбой, жагдай анча курчуган жок. 

— Ким баарынан көп жардам берди?

— Апам, ал мага дос да, сынчы да болду. Сынакка даярданган айлары экөөбүз эмнелерди гана башыбыздан өткөрбөдүк. Менин наамым экөөбүздүкү десем да болот.

— Диета кармап, жаныңызды кыйнап, спортзалга барганга туура келдиби?

— Спорт эмне болсо да керек, бирок диета кармаганды мен туура көрбөйм. Баары эле арык болгусу келет. Формаңды сакташың керек — мунун мааниси чоң, бирок ашыкча эле арыктык, менин оюмча, көзгө жагымсыз. Келбетиң жакшы жана дениң сак болуш үчүн мүмкүн болушунча даамдуу жана пайдалуу тамак жешиң керек. 

— Эми күйөрман мырзалардан жол бошобой калат го…

Сулуулар сынагындагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын сулуусу" болуш канча турат?
— Билбейм, жигитим жок. Мен он сегизде элемин. Биринчи орунда – окуум, алдыда экзамендер турат. 

— Кыялыңыздагы мырза кандай болушу керек?

— Биринчи кезекте ал акылдуу болуп, өз максатына жете билиши керек. Сумкаңа китепти толтуруп алып, эптеп бара жатсаң, маршруткада эч бир бала орун бошотпой койгондо, ичиң күйөт. Сен болсо суйкайып турасың…

— Мындан ары эмне кыласыз? Ой-максаттарыңыз кандай?

— Биринчи окуумду бүтөм. "Эл аралык юриспруденция" адистиги боюнча билим алам. Азыр экзамендерге даярданып жатам. Андан кийин эл аралык сынакка даярдана баштайм: англис тилимди жакшыртып, деги эле жалпы билим деңгээлимди көтөрүшүм керек. Кыргызстанды татыктуу көрсөтсөм деген тилегим бар…

Жаңылыктар түрмөгү
0