Кочкор: кышы бою малды жеген карышкырды атып, бөлтүрүгүн тирүү кармап алышты

© SputnikЖители села Кара-Суу с убитым ими волком
Жители села Кара-Суу с убитым ими волком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мергенчилер эне карышкырдын ийининде калган беш бөлтүрүгүн алып чыгууга бүгүн да аракет кылышарын айтышты.

Нарын, 24-май — Sputnik. Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын мергенчилери ургаачы карышкыр атып, бир бөлтүрүгүн кармап алышкан. Бул туурасында Мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Таалай Осмоналиев кабарлады. 

Анын айтымында, май айынан тарта бул карышкыр Кара-Суу, Исакеев, Кара-Саз жана Кара-Күңгөй айылдарындагы 20 дан ашык тай-кулун жегендигин айтты. Ал эми карышкырга жем болгон ири мүйүздүү бодо малдын эсеби так эмес.

Малынан ажырган эл жана мергенчилер кыштан бери карышкырдын артынан сая түшкөн. 

"Азыркы тапта да беш бөлтүрүгү ийининде калды. Жаан-чачын болгондугуна байланыштуу бөлтүрүктөрдү алып чыга алган жокпуз. Бирок дагы аракет кылып көрөбүз", — деди Осмоналиев.

Бул аймактарда карышкыр малга кол салып, зыянга учураткан учурлар арбын кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0