06:39 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Соттолуп жаткан Данияр Нарымбаев. Архив

Нарымбаев: прокурор эптеп жолун таап мени камагысы келүүдө

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
124 0 0

Соттолуп жаткан Данияр Нарымбаев ага коюлган күнөө боюнча кылмыштын курамы жок экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Мамлекеттик айыптоочу эптеп жолун таап, мени каматкысы келүүдө. Бул тууралуу соттолуп жаткан Нарымбаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланып, тараптар жарыш сөздөрүн сүйлөшүүдө.

Эң акыркы болуп сөз алган Нарымбаев ага коюлган күнөөлөр жөнсүз экенин билдирип, кылмыштын курамы жок экенин айтты.

"Мага жөн жерден күнөө коюп жатышат. Ал коюлган күнөөлөр жөнсүз. Тергөөчү тараптан күнөөлөр далилденген жок. Назгүл Түлеева жардам сурап кайрылганда маселе мыйзамдуу түрдө чечилет деп айткам. 100 миң доллар боюнча Коркмазов акча алып жатып кармалган. Кылмыштын толук курамы бар. Күбөлөрдүн баары аны далилдеп турат. Бирок сот аны эске албай, мени күнөөлөп кирди. Мындан сырткары, жок жерден мени 50 миң доллар акча алды деген айып чыга келди. Бул боюнча тергөө мыйзамсыз өткөрүлдү. Менин акча алганым далилдендиби? Жок", — деди Нарымбаев. 

Буга чейин жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик айыптоочу Данияр Нарымбаевди күнөөлүү деп айыптап, Коркмазовду паракорду кармоого жардам берген деп атаган. Ал эми акыркы сөз алган Коркмазов акча алганы чын экенин, бирок аны Түлеевге жардам берүү максатында Нарымбаевге берүү үчүн алганын айткан.

Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)

Тема боюнча

Коркмазов: күнөөмдү мойнума алам, акча алганым чын
Прокурор: Нарымбаев күнөөлүү, Коркмазов кылмышты ачууга жардам берди
Белгилер:
сот, Нариман Түлеев, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ