07:31 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Соттолуп жаткан Хажимурат Коркмазов. Архив

Коркмазов: күнөөмдү мойнума алам, акча алганым чын

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)
470 0 0

Жарыш сөзгө чыккан соттолуучу Хажимурат Коркмазов Нариман Түлеевге жардам бергиси келгенин билдирди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан сот отурумунда айыпталып жаткан Хажимурат Коркмазов акча алганы чын экенин айтты. 

Учурда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланып, тараптар жарыш сөзгө чыгышты.

"Мен азыр айтылгандар боюнча сотко тактоо киргизип коеюн. Жогорку соттун судьясы Турганбеков менен тааныш эмесмин. Адвокат Михаил Зауман, жалган жалаа үчүн жооп бересиз. Мен Назгүл Түлеева менен Нарымбаевдин суранычы боюнча таанышкам. Ага чейин аны билчү эмесмин. 20 жылдан бери Нарымбаев менен жакшы мамиледе болгом. Ошол үчүн ал тууралуу даро арыз жазган эмесмин. Чындыгында Түлеевге жардам бергим келген. Ооба, мен күнөөлүүмүн, акча алганым чын. Ошол үчүн бул жерде отурам", — деди Коркмазов. 

Буга чейин Биринчи Май райондук соту президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Нарынбаевди үч жылга, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алганын билдирген. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеев мунапыстын негизинде үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Тема:
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)

Тема боюнча

Прокурор: Нарымбаев күнөөлүү, Коркмазов кылмышты ачууга жардам берди
Коркмазов менен Нарымбаевдин сотуна чакырылган Текебаев отурумга келген жок
Белгилер:
сот, Нариман Түлеев, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ