08:02 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

Буга чейин ЦУМ соода борборунун жанындагы фонтан оңдолуп жаткандыгы маалымдалган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Зеленстрой" ишканасы менен Улуттук илимдер академиясы ЦУМ соода борборуна жакын жердеги фонтандын алдындагы үч мажүрүм талды кыйып салууга уруксатын берди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

ЦУМ соода борбору учурда фонтан комплексинде оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. 

Илимдер академиясынын изилдөө корутундусунда, мажүрүм тал 100 жылга чейин жашашы мүмкүн экени көрсөтүлгөн. ЦУМдун алдындагы мажүрүм талдар 70 жашка толуп калган. Алардын сөңгөгү өтө жумшак келгендиктен курт-кумурскалар каптап кеткен. Мындан улам тамырлары чирий баштаган. 

"Мындай көрүнүш айрыкча үч мажүрүм талдын тамырынан байкалды. Катуу шамал болсо алар кулап калуусу ыктымал. Бул жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Мажүрүм талдар голландиялык ооруга чалдыгып ичинен чирий баштаптыр. Илдет башка дарактарга дагы жугушу мүмкүн", — деп айтылат корутундуда. 

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн кийин "Зеленстрой" ишканасы тарабынан мажүрүм талдарды кыйдырууга уруксат берген акт түзүлдү. Ага ылайык ЦУМ соода борбору дарактарды калыбына келтирүүгө багытталган 7 миң 934 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындан тышкары, соода борбор фонтанды оңдоп бүткөндөн кийин жаңы дарактарды отургузуусу шарт.

Тема боюнча

Мэрия: ЦУМ санитардык нормаларды бузууда
Бишкек мэриясы кооптуу бактардын алдына машиналарды токтотпоону өтүнөт
Белгилер:
бак-дарак, фонтан, Айчүрөк соода борбору

ЭҢ МААНИЛҮҮ