ТИМ: Красноярскидеги кендин урашынан КР жарандары жабыркаган жок

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан улам жер алдында 150дөй киши камалып калган. Алар 300-500 метр тереңдикте экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Красноярскиде кендин урашынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Еруда айылына жакын жерде "Восточный" кенинин бир тарабы урап, жер алдында 150гө чукул киши камалып калган. 

"Жабыркаган жумушчулардын арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкка жер астындагы суулар себеп болгонун айткан. Окуя болгон жерде ыкчам штаб иштеп, адамдар эвакуацияланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0