Бишкектин Айни — Чортеков көчөсүнө айлампа жол салынды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАйланма жол белгиси. Архив
Айланма жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көчөлөрдүн кесилиши жол кыймылы үчүн ыңгайсыз болуп, көзөмөлгө алынган эмес.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкектин Айни, Чортеков жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишинде айлампа жол салынганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, айлампа жол Кайгуул милиция башкармалыгынын сунушу менен уюштурулган. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы темир бетон тосмолорду орнотту, 25 жол белгисин коюп, жол чийиндерин түшүрдү.

Ал эми "Бишкекжарык" ишканасы аталган жолду жарыктандырды. Кайгуул милициясы алгачкы күндөрү аталган жолго нөөмөт уюштурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0