Ак илбирстин ургаачысына спутник каргысы тагылды

© пресс-служба ГАООСиЛХАк илбирске спутник каргысын кийгизүү
Ак илбирске спутник каргысын кийгизүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жолу каргы илбирстин мойнуна былтыр тагылган. Эми жырткыч жаныбарды иликтөө үчүн каргыны анын ургаачысына тагууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы тагылганын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

© пресс-служба ГАООСиЛХКыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы тагылды
Кыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы тагылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы тагылды
© пресс-служба ГАООСиЛХУргаачы илбирсти иликтөө анын жакын арада төлдөгөнүн аныктады.
Ургаачы илбирсти иликтөө анын жакын арада төлдөгөнүн аныктады. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ургаачы илбирсти иликтөө анын жакын арада төлдөгөнүн аныктады.
1/2
Кыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы тагылды
2/2
Ургаачы илбирсти иликтөө анын жакын арада төлдөгөнүн аныктады.

Илбирстердин кыймылын жана бир күндүк активдүүлүгүн иликтөө боюнча долбоор сейрек кездешүүчү жаныбарды коргоого багытталган улуттук стратегиянын алкагында ишке ашырылууда.

Тоонун көркүн ачкан ак илбирс. Ысык-Көлдө коюлган видео-капканга тартылган кадрлар
Өзгөчө каргы биринчи ирет Сарычат-Ээрташ коругундагы жаныбарга 2015-жылдын октябрь айында тагылган. Ал эми анын ургаачысына май айынын башында тагууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ургаачы илбирсти иликтөө анын жакын арада төлдөгөнүн аныктады. 

Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов бул иш-чара илбирстердин көбөйүшүн шарттоо үчүн зарыл экенин белгиледи. 

"Биз алардын кыймыл-аракетин, эмне менен тамактанарын байкай алабыз. Эгер кооптуулук жаралса бул тууралуу да кабардар болобуз", — деди ал.

"Пантера" коомдук фондусунун эксперти Заир Кубанычбеков каргынын салмагы 600 грамм экенин, анын аккумулятору 20 айга чейин жетерин белгиледи. Бул жаныбардын активдүүлүгүнө эч кандай таасир бербейт.

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар канча айып төлөйт
Ак илбирс бүгүнкү күндө сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарында турат. Ал Эл аралык кызыл китепке жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилгендиктен, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Мындан тышкары, ак илбирс жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн түрүн сатууга каршы конвенциясынын колдоосуна алынган. Кыргызстанда "Барс" атайын тобунун жана табиятты сактоо бирикмесинин маалыматы боюнча ак илбирстин 300 түрү катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0