14:30 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)
61 0 0

Кылмышкерлер качкан түнү секиде күзөтчү болуп турган кызматкер болгону эки жолу ок чыгарганын айтты.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Шаршемби күнү өтө турган №50 абакта болгон окуяны караган соттук процессте качкын кылмышкерлерге күбө болгон коңшу камерадагылар суракка алынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Свердлов райондук сотунун залынан кабарлады. 

Дүйшөмбү күнү №50 абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча Свердлов райондук сотунда жыйын болуп өттү.

"Соттун келерки жыйынына өткөн жылдын 11-октябрында кылмышкерлердин качуусуна күбө болгон алтынчы жана 13-коңшу камерадагы 10 күбөнүн келишин талап кылам", — деп сот айыптоочу тарапка кайрылды. 

Соттук процессте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жети кызматкери суракка алынды. Алардын көпчүлүгү ошол күнү иште болбогондугуна байланыштуу эч нерсе айтып бере алышкан жок. 

Курман болгон аскердин берети. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Кылмышкерлер качкан түнү секиде күзөтчү болуп турган кызматкер болгону эки жолу ок чыгарганын, бирок сыртта караңгы болгондуктан октун тийген-тийбегенин көрө албай калганын айтып берди. 

Белгилей кетсек, 2015-жылы 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Беш кылмышкер ошол эле жерден кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк милиция кызматкерлери үчөөнү жок кылып, бирөөсүн түрмөгө кайтарган.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Тема:
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)

Тема боюнча

Итибаевдин жесири №50 түрмөдөгү күйөөсүнө кандайча акча бергенин айтып берди
№50 абактан качып чыккан кылмышкерлердин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү
Белгилер:
50 түрмө, сот, күбө

ЭҢ МААНИЛҮҮ