"Акыркы коңгуроо" учурунда тартипке 3500 милиция кызматкери көз салат

Жазылуу
Кылмыштуулукту алдын алуу максатында өспүрүмдөргө жай мезгилинде саат 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин ата-энелердин коштоосу жок көчөгө чыгууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Акыркы коңгуроо" иш-чарасын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн 3500дөн ашык милиция кызматкери иштейт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Бул кадам "Жалпы билим берүү мекемелеринде "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү учурунда окуучулардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо жөнүндө" буйруктун ылайык ишке ашат. 

"Мунун негизинде 2016-жылдын 26-27-майында окуучулардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо үчүн республика боюнча 3500дөн ашык милиция кызматкерлери тартылат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, өспүрүмдөргө жай мезгилинде саат 23:00 дөн 06:00 гө чейин ата-энелердин коштоосу жок жүрүшүнө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 27-майда кагылат. Билим берүү жана илим министрлиги бул кышкы каникулдун узарып кеткендигине байланыштуу экенин белгиледи. 

Ал эми быйыл 11-классты 62 миң, 9-классты 93 миңге жакын окуучу аяктайт. 

Мектепти бүтүрүү кечеси канча турат бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0