КРдин Брюсселдеги элчилиги нидерландыктарга кыргыз даамын ооз тийгизди

© посольство КР в НидерландыКыргызстандын Брюсселдеги элчилиги Биринчи Дипломатиялык кулинардык фестивалында
Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги Биринчи Дипломатиялык кулинардык фестивалында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гаага шаарында өткөн фестивалда 16 мамлекет улуттук азык-түлүгүн тартуулаган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Нидерландиянын Гаага шаарындагы эң ири соода борборлорунун биринде Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги Биринчи Дипломатиялык кулинардык фестивалга катышып, жергиликтүү тургундарга кыргыз даамын ооз тийгизди. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 21-майда өткөн. Бул фестивалдын алкагында 16 мамлекет өзүнүн улуттук тамак-ашын тартуулаган.

"Кыргызстандын ашканасы катышуучулардын көңүлүн буруп, өзгөчө кызыгуу жаратты. Алар кыргыздын улуттук тамактары — боорсок, токоч, самсы, чак-чак, чучук, курут сыяктуу даамдан ооз тийип, кымыз, максым, бозо жана чалап сыяктуу суусундуктардан да ичип көрүштү", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын Голландиянын аймагына сатуу үчүн төө буурчактын, балдын жана кургатылган жемиштердин бир катар түрлөрү коюлган.

"Фестивалдын алкагында Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн камтыган журналдар, брошюралар таратылган. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө дипломатиялык корпуска жана конокторго атайын бет ачар да уюштурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Фестивалдын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгүн даңазалоо максатында кийиз, тери жана башка нерселерден жасалган буюмдардын көргөзмөсү өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0