Исфана базарында чыккан өрт товарларды кошпогондо 3,9 млн. сомдук зыян алып келди

© Мавлян КамчыевБаткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын борбордук "Лейлек" базарында чыккан өрттүн кесепети. Архив
Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын борбордук Лейлек базарында чыккан өрттүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери улантылууда. Ошондой эле өрттүн себеби да такталууда.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын борбордук "Лейлек" базарында чыккан өрт алдын ала эсептөөлөр боюнча 3 миллион 851 миң сом зыян алып келген, дагы чыгымдар эсептелүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, өрт 20-майда түнкү саат 2:40 чамасында чыгып, базардын 4000 чарчы метр аймакты тилсиз жоо жалмаган. Анын кесепетинен 53 соода дүкөн, эки жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Жабыркагандар катталган эмес.

Өрт кырсыгы болуп жаткан учурда 20 адам эвакуацияланып, базардын аймагынан эки соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, алты ашкана жана уюлдук оператордун кеңсеси сакталып калган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Исфанадагы өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0