Байдылда Сарногоевдин эстелигин жасоого сынак жарыяланды

Жазылуу
Чыгармачылык иштер 1-июлга чейин кабыл алынып, байге фонду 60 миң сомду түздү.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин эстелигин Талас шаарына орнотуу үчүн анын эстелигине Кыргызстандагы скульпторлор жана архитекторлор арасында "Кең Талас" коомдук бирикмеси сынак жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматта эмгектер 1-июлга чейин кабыл алынып, байге фонду 60 миң сомду түзөрү айтылган. 

"Сынактын жеңүүчүлөрү коомдук бирикменин атайын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиясынын негизинде аныкталат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 1932–жылы Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы "Шумкар" деген ат менен жарык көрөт. 1956-жылы Москва шаарында Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Байдылда Сарногоев 2004-жылдын 19-ноябрында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0