Кымбат бүтүрүү кечелерин өткөргөндүн ордуна балдар үйүнө жардам берүү сунушталууда

© Айбике МейманкуловаБишкек шаарындагы №13 гимназиянын окуучусу Назбийке Мейманкулова. Архив
Бишкек шаарындагы №13 гимназиянын окуучусу Назбийке Мейманкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назбийке Мейманкулова 11-класстын окуучусу. Ал бүтүрүү кечелерин өткөрүп каражат коротуунун ордуна, кеткен чыгымдарды муктаж кишилерге берүүнү сунуштап жатат. Анын демилгесин колдогондордун саны 50дөн ашты.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы №13 гимназиянын окуучусу Назбийке Мейманкулова бүтүрүүчүлөрдөн балдар үйүнө акча чогултуу акциясын уюштурганын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Мейманкулова балдар үйлөрүнүн эң мыкты окуучуларына Россиянын жогорку окуу жайларынан бекер окуу мүмкүнчүлүгү бериле турганын, бирок, жол киреси төлөнбөй турганын билген.

"Интернатта мыкты окугандарды Россияга бекер окууга жөнөтө турганы боюнча мен бир канча жыл мурда эле билгем. Анда балдар жол кире издеп жүрүшкөн. Быйыл мен аларга өзүм жардам берейин деп чечтим", — деди ал.

Мектеп окуучусу бүтүрүү кечелерине кеткен акчаларды үнөмдөп, аны муктаждарга берүүнү сунуштап жатат.

Мейманкулова бул акция үчүн банктан жакында эле атайын эсеп ачканын жана анын демилгесин кеминде 50дөн көп киши колдогонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0