ТИМ: Кырсыктаган EgyptAir авиакомпаниясынын учагында кыргыз жарандары болгон эмес

© REUTERS / AMR ADDULLAH DALSHEgyptAir учагы. Архив
EgyptAir учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын ичинде 68 жүргүнчү менен экипаждын мүчөлөрү болгон. Аба кемесинин калдыктары Карпатос аралынын түштүк жагынан табылган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жер ортолук деңиз аймагынан жоголуп кеткен Египеттин EgyptAir авиакомпаниясынын учагында кыргыз жарандары болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эске салсак, Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учуп бара жаткан MS804 каттамдагы учагы бейшемби күнү радардан жоголгон. Кийин анын кулаган жери аныкталып, калдыктары табылган

Анын ичинде 68 жүргүнчү менен экипаждын бир нече мүчөсү болгон. Аба кемесинин калдыктары Карпатос аралынын түштүк жагынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0