ЕАЭБ: премьерлер мунай заттарынын жалпы рыногу боюнча концепцияны кабыл алды

Жазылуу
Армениянын борбор калаасында өткөн Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында премьер-министрлер бир катар маселерди талкуулап, айрым документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ереванда өткөн Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды.

Өкмөт башчылар ошондой эле бир катар документтерге кол коюшту.

  • Координацияланган транспорттук саясат жөнүндө протоколдун №2 тиркемесинин жоболорун пайдалануу;
  • Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып жүрүү тууралуу келишим;
  • Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун жүргүзүлүшүнүн мониторинги тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын ар жылкы отчетун угуу алкагында 2015-жылдагы отчетту угуу;
  • ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимди даярдоо мөөнөттөрү тууралуу документтерге кол коюшту.

Аталган кеңештин жыйынына кыргыз тараптан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон делегация катышты.

Мындан сырткары Евразиялык өкмөт аралык кеңештин катышуучулары келерки жыйынды 2016-жылдын август айында Россиянын Сочи шаарында жана 2016-жылдын октябрь айында Белоруссиянын Минск шаарында өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0