Тарых музейиндеги оңдоо иштеринен улам "Ала-Тоодогу" туу убактылуу алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук "Ала- Тоо" аянтындагы туу алдындагы ардактуу күзөтчүлөр. Архив
Борбордук Ала- Тоо аянтындагы туу алдындагы ардактуу күзөтчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик туу борбордук аянттан 21-майдан 30-августка чейин алып салынат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинде жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу борбордук "Ала- Тоо" аянтындагы туу менен ардактуу күзөтчүлөр убактылуу алынат. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө кыргыз чабанынын музейи ачылат
Маалыматка ылайык, туу 21-майдан 30-августка чейин алынып салынат. Мындан улам, Улуттук гвардиянын ардактуу күзөтчүлөрү дагы тууну кайтарууну токтотото.

Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы эки этапта өтүп, биринчиси 31-августка чейин созулуусу болжолдонууда. Ал эми экинчи этапта заманбап талаптарга жооп берген музей толугу менен бүткөрүлөт. 

Белгилей кетсек, Улуттук гвардиянын ардактуу күзөт аскерлери мамлекеттик тууну борбордук "Ала-Тоо" аянтында 1998-жылдын 16-августунан тарта кайтарып келет.

Бул убакыт аралыгында күзөт 2009-жылы 18 метрлик желек 45 метрликке алмаштырылганда алынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0