06:57 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун сот иши. Архив

Башкы прокуратура Коркмазов менен Нарымбаев боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жарыялады

© Sputnik / Исмаил Мамытов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
202 0 0

Шаршемби күнү шаардын мурдагы мэрия Нариман Түлеевдин жакындарынан акча талап кылуу боюнча сот иши каралды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун сот иши боюнча күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн расмий сайтына жана Youtube каналына жарыялады.

Коркмазов менен Нарымбаев былтыр Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин сот ишин оң жагына чечип беребиз деп анын жакындарынан пара талап кылган деген шек менен кармалган. Биринчи инстанциянын чечими менен Нарымбаев катуу режимдеги колонияга кесилген. Учурда анын иши экинчи инстанцияда каралууда. Ал эми Коркмазов пара талап кылганы үчүн 1,5 жылга кесилген.

Алардын иши Бишкек шаардык сотунда каралган. Сот жараяны күбө катары чакырылган депутат Өмүрбек Текебаев чет жакта болгондуктан 20-майга жылдырылган.

Башкы прокуратура бир катар ЖМКлар күбө катары сурак берген Кадыров аттуу жаран соттун сурамына парламенттин аппаратынын жообун даярдаган делген кызматкердин аты-фамилиясын жазганын билдирет.

Бир катар интернет басылмалар соттун жүрүшүн бурмалап чагылдыргандыктан башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы күбөлөр — Кадыров менен Безродныйдын көрсөтмөсүн жарыялады.

Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)

Тема боюнча

Коркмазов менен Нарымбаевдин сотуна чакырылган Текебаев отурумга келген жок
Белгилер:
сот, Хажимурат Коркмазов, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ