Ошто Түркиядан келген хирургдар балакайларды сүннөткө отургузууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык инструменттер. Архив
Медициналык инструменттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта жасалууда

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Түркиядан келген хирургдар Оштун Өзгөн районунда 120дан ашуун баланы сүннөткө отургузушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, сүннөткө отургузуу иш-чарасына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Түркиянын Адана шаарынан келген эки дарыгер-хирург жаш балдарды сүннөткө отургузушту. Ар бир хирургдун кабыл алуусуна бир эле мезгилде ондон бала киргизилип жатты. Мындай жакшы жөрөлгө бүгүн, 19-майда да уланат. Ал эми 20-21-майда Ош шаарында өткөрүлүп, андан соң Жалал-Абад, Баткен облустарында да уюштурулмакчы. Иш-чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөп, акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен заманбап шартта, оорутпай жасалууда", — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, бул иш-чара былтыр да өткөрүлүп, Кыргызстандын аймагынан 1000гу чукул бала сүннөткө отургузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0