Каттоо кызматы Кытай уйгурлары колдонгон кыргыз паспорттор боюнча териштирүү баштады

© Sputnik / Родионова ДиляКак призвать к порядку сотрудников ЦОНа при приеме документов?
Как призвать к порядку сотрудников ЦОНа при приеме документов? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үрүмчүдөн Стамбулга учуп келген кытайлык 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган 98 уйгурлар боюнча КР Мамлекеттик каттоо кызматы чукул жыйынга чогулду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Үрүмчүдөн Стамбулга учуп келген кытайлык 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен аэропорттон кармалган. Алар Сауд Аварияга учуп кетүүнү көздөшкөн.

"Жолугушуу учурунда түрк полициясы кармаган жарандардын паспортунун серияларын дипломатиялык каналдар аркылуу суроо маселелеси чечилди. Мыйзам боюнча бизге 14 күндүн ичинде жооп бериши керек. Ошентсе да түркиялык адистер ыкчам жооп берет деп ишенебиз", — деп аталган мекемеден билдиришти.

Мамлекеттик каттоо кызматы Түркияда кармалган уйгур жарандарына Кыргызстандын паспорту берилбегенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0