"Центерранын" көз карандысыз акционерлери Директорлор кеӊешинин азыркы курамын колдоду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO "Кумтɵр Голд Компани" ишканасынын кызматкери. Архив
Кумтɵр Голд Компани ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушу 17-майда Торонто шаарында өткөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Centerra компаниясынын кɵз карандысыз акционерлери Директорлор кеӊешинин азыркы курамын толук колдогонун "Кумтɵр Голд Компани" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушу 17-майда Торонто (Канада) шаарында өткөн.

Кɵз карандысыз акционерлердин ("Кыргызалтын" ААК ɵкүлдɵрү эмес) орточо алганда 98 пайыздан ашууну компаниянын Директорлор кеӊешине сунушталган талапкерлер үчүн добуш берген.

Директорлор кеңешинде:

  • Ричард Коннор
  • Рафаэль Жирар
  • Эдуард Кубатов 
  • Нурлан Кыштобаев
  • Стивен Лэнг
  • Майкл Парретт
  • Скотт Перри
  • Шерил Пресслер
  • Терри Роджерс
  • Бектур Сагынов
  • Брюс Уолтер бар.

"Кыргызалтын" ААКы Кубатов, Кыштобаев жана Сагыновдун талапкерлигин гана колдоп, калган талапкерлерге добуш берген эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин "Кыргызалтын" Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясында жетекчиликти менеджменттин да, директорлор кеңешинин да деңгээлинде алмаштыруу зарылчылыгы пайда болгонун билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0