ИИМ: "Элдик парламенттин" айрым мүчөлөрү митингге чыккыла деп жарандарга акча берген

Жазылуу
Учурда топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына берилди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Элдик парламенттин" айрым мүчөлөрү 17-майда митингге чыккыла деп жарандарга акча бергени аныкталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 17-майда "Элдик парламенттин" Жеңиш аянтында пландаган митингги болбой калган

Кыргызстандын желегин Ак үйдүн крышасына орнотуп жаткан митингдин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Барыктабасов, Талгарбеков… "Бийликти басып алууга" дагы ким аракеттенген?
ИИМден билдиргендей, саясый бирикменин мүчөлөрү эмгек биржасында турган кишилерди да тартууга аракет кылган.

ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлдөрү Жеңиш аянтынын жанынан алты кишини кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып келген. Алар Рашид жана Съездбек аттуу жарандар митингге катышканы үчүн 1000 сомдон беребиз деп сөз беришкенин айтышкан.

Тергөө иштери учурунда Сокулук районунда жашаган 58 жаштагы жаран ага алыс таанышы митингге чыгуу үчүн киши чогултуп берсе, аны ыраазы кылууга убада бергенин билдирген. 

Учурда топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0