Өкмөт башчы: эл ипотекалык компанияга ишенбей калышы мүмкүн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСкворечник. Архив
Скворечник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр жыл аягына чейин пландаштырылгандай эле үч миң жаранды ипотекалык турак жай менен камсыздоону тапшырды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Мамлекеттик ипотекалык компания" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Бактыбек Шамкеевге калктын "Жеткиликтүү турак жай" программасына болгон ишеними кайтып калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков жыл аягына чейин мамлекеттик программанын алкагында үч миңге чукул жаранды буга чейин пландалгандай турак-жай менен камсыз кылууну тапшырды.

Өкмөт башчы "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында насыя менен биринчи кезекте үйгө муктаж адамдар камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

"Андай болбосо элдин бул программага болгон ишеними жоголот", — деди Жээнбеков.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев премьер-министрге аталган программанын алкагында жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

Столдогу акчалар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өнүктүрүү фонду: ишкердик үчүн насыяны 5 пайыздык үстөк менен 9-10 комбанк берет
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык программасы баштапкы этапта 180 арыздын негизинде 22 адамды турак жай менен камсыз кылган. Экинчи этапта миңден ашык кишиден арыздар келип түшкөн.

Учурда арыздар каралууда. 20-майда каралган арыздар коммерциялык банктарга жиберилет. Турак жайды алууну каалагандардын тизмеси жашаган жана иштеген жерине карап түзүлөт. Азыркы маалда алты банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Шамкеев белгиледи.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы өкмөттүн "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасынын алкагында түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0