Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив
Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик жылдыздардын кежирлиги жана "жылдыз" оорусунун белгилери кандай болорун Sputnik кабарчысы Асел Минбаева билип көрдү.

Борбор калаанын атка минер айымдарынын телефонуна чалсаң, дайыма: "You are the only one/ You must believe me/ You are my destiny/ That gives the sense to me!" деген ыр угулар эле. Ал мага жагып калгандыктан (айым эмес, ыр) Гуглдан издей баштадым. Көрсө, аны чет элдик жылдыз эмес эле, өзүбүздүн Мирбек Атабеков ырдайт экен. 

Мына, эми ал менин маңдайымда мейманда отурат. Кызмат абалымдан пайдаланып, баягы ырды ырдап берчи деп ушунча айткым келди дейсиз! Азамат экем, өзүмдү кармап калдым. 

— Чынында биздин сүйүктүү Мирбек Атабековго караганда, россиялык ырчы Нюшаны табыш бизге оңоюраак болду. Журналисттер менен сүйлөшкөндөн тажасаңыз керек?

— Баары менин иш тартибимдин айынан! Ушул гана себептен биз көпкө чейин жолугуша албай жаттык. Журналисттер жөнүндө айтсам, сиз айткандай эмес, тескерисинче, ыраазымын. Мени менен угуучулардын ортосунда көпүрө жараткан силерсиңер да. Жөн гана кээде адамдарды тажаткандан корком. 

— Маек учурунда сизди ырдап бер деп көп суранышат. Кыжырыңызды келтирсе керек? 

— Жок, кыжырлантпайт. Кечинде же түштөн кийин эч оорчулук жаратпайт. Жан дилим менен ырдап берем. Ал эми эртең менен ырдоо татаалыраак — үнүңдүн ойгонушу убакытты талап кылат. Бирок баары бир баш тартпаганга аракет кылам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАтактуу ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда
Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
Атактуу ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда

— Өзүңүздүн райдериңиз барбы? Бөтөнчө бир нерсе талап кыла аласызбы?

— Бизде Кыргызстанда андай мүмкүн эмес. Бишкекте го макул, бирок аймактарда өзгөчө бир нерсе талап кылуу — деги эле акылсыздык! Биз анчалык эрке же кежир эмеспиз, тарбиябыз ошондой. 

— Сиз дүкөндө картошканын же байпактын баасын карап жатканыңызды көргөндө эл эмне кылат?

— Мени ар ким эле тааный бербейт, биздин өлкөдө музыкага баары кызыкпайт. Көбүнчө Мирбек Атабековдун инисиндей карашат, телеэкранда улуураак, толугураак көрүнөм да. Камералардын иштегени ошондой — салмагыңды көбөйтүп коюшат. 

— Фанат кыздар сизди белек-бечкекке бөлүп-жыртып кеткенге аракет жасаган учурлар көппү?

Эстрада ырчысы Каныкей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм
— Мен үйлөнгөндөн кийин андайлар токтойт деп ойлогом. Бирок кыздар баары бир мени кучактаганга, өпкөнгө аракет кылышат, ыйлагандары көп. 

— Аларга мунун кереги канча? Сизден аларга эмне керек: сүйүүбү, "жалындуу" түнбү, достукпу же эмне?

— Өзүм да билбейм. Бирок мен алардын ар бирин баалайм. Албетте, айрымдары кумирлерин алмаштырышат, бирок бүтүндөй чыгармачылык жолуңда сага берилгендер да болот. Андыктан, алардын бар экенине рахмат.

— Күйөрманыңыз менен, кур дегенде, бир жолу мамиле түзүп көргөнсүзбү? Жок дегенде, үйлөнгөнгө чейин?

— Жок. Мамиле түзөрдөн мурун, бири-бириңди жакшы билишиң керек. Кыздарды өзүмө тартыш үчүн өз атымды пайдалангым келбейт. Бул наадандык. 

— Сизди жактырган айым-кыздар толтура. Эмне үчүн жубайлыкка Мээримди тандадыңыз?

— Ал мени дайыма колдойт, меники туура эмес болсо да анысынан жазбайт. Аял күйөөсүнө ишенип жана ага таянышы керек деп эсептейм. Менин жубайымдын да түшүнүгү ушундай. Ал мени менен атаандашканга аракет жасабайт.

Андан дагы анын таарынычы бат жазылат. Аял кишиде мындай сапат өтө маанилүү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Атабеков: Менин сырым — репертуарымда. Бир ырды айлап, жылдап жазган учурлар болот. Композиция кынтыксыз болуп, бардык жагынан көңүлүмө толмоюн, аткарбайм!
Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков: Менин сырым — репертуарымда. Бир ырды айлап, жылдап жазган учурлар болот. Композиция кынтыксыз болуп, бардык жагынан көңүлүмө толмоюн, аткарбайм!

— Сиздин көз карашыңызча, кыргызстандык аткаруучуларга эмне жетпейт?

— Жетпеген нерсе көп. Менде да кемчиликер бар. Мисалы, биз жалкоо элбиз. Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарга салыштырганда, мен таптакыр эле жалкоомун. Аларда ар бир секунд бош эмес. Мен аларга көз артып да кетем, ушунчалык катуу атаандашып турушат дейсиз. 

— Иш күнүңүз канчага созулат?

— Күндүзгү саат 12ден түн ортосуна чейин. Дегинкиси мен таңкы саат алтыда деле тура алам, анда көбүрөөк ишке убактым жетмек. Бирок артист жок дегенде 8-9 саат укташы керек.

— Кыргызстанда мыкты ырдаган жаш жигиттер көп турса, эмнеге сизди баарынан жакшы көрүшөт? Сырыңыз эмнеде?

Ырчы Аяна Касымова Москвадагы 1,5 жашар Айдарга 74 миң рубль берди
— Менин сырым — репертуарымда. Бир ырды айлап, жылдап жазган учурлар болот. Композиция кынтыксыз болуп, бардык жагынан көңүлүмө толмоюн, аткарбайм!

Анан албетте, окуш да керек. Эч билими жок эле көчөдөн келген киши банкты ийгиликтүү башкара алат деп күтпөйсүз да, туурабы? Эстрадалык иште деле өз бөтөнчөлүктөрү бар: музыкалык терминдерди билиш керек, машыгыш керек. 

Атайын билими болбосо эң шыктуу адам да туура-так ырдай албайт. Мен башында обондун ыргагын да туура келтире албай койгом. 

— Кайсы бир аткаруучу укмуштай сонун ыр ырдап чыкса, көңүлүңүздүн тереңинде ич тардык кыласызбы?

— Негизи биз ынтымактуубуз. Бирге футбол ойнойбуз, ал тургай өзүбүздүн командабыз бар. Бирок канчалык танбайлы, аз да болсо бири-бирибизге көрө албастык болушу мүмкүн. Дегинкиси ошондой эле болушу керек, бул өнүгүп-өрчүшүңө жакшы түрткү берет. 

— Ийгиликтин чокусунда турганыңызды, турмушуңуз оңунан чыкканын кайсы учурда сездиңиз? 

— Жашоомдо калыптанып бүттүм, баралыма толук жеттим деп айта албайм. Биз, пенделер, эмнени кааларыбызды жакшы түшүнбөйбүз. Дайыма издөөнүн үстүндөбүз. Бирок мен популярдуу болгонумду биринчи жолу сезгенимди эстей алам. 

Анда Ошто Темир Назаровдун концертинде ырдап жаткам. Менин ырларым радиодон жаңы эле бериле баштаган болчу. Клип, эч нерсем жок эле. Алып баруучу мени жарыялаганда көрүүчүлөр катуу кол чаба башташты. Бул менин кичинекей даңкка жеткеним болчу. 

— "Жылдыз" оорусунун кандай белгилерин сездиңиз?

— Андай оорунун терс таасирлерин сезерим менен, "ден соолукка" сак болуш керектигин түшүндүм. Мен ал оорунун ашыкча текеберлик жана өзүмчүлдүк сыяктуу белгилерин айта алам. Адам дароо эле көп нерсени талап кыла баштайт. 

— KG Club деген ырда: "Москвада Билан, бизде Атабеков, аларда "Спартак", бизде Атабеков, ал жакта Кремль турса, бизде Атабеков, кыскасы, укмуш сонун Мирбек!" деген сөздөр бар. Муну укканда оюңузга эмне келди?

— Муну Элдияр Кененсаровдун оозунан угуш аябай жакты. Ал ата мекендик КВНде эң биринчи орунда эмеспи!

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Атабеков: Менин көрүүчүлөрүм мага бөлөк-бөтөн эмес, ошон үчүн аларды жер-жерлеп бөлгүм келбейт. Бишкекте, Ошто, Нарында — деги эле бардык жерде — менин чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар бар.
Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков: Менин көрүүчүлөрүм мага бөлөк-бөтөн эмес, ошон үчүн аларды жер-жерлеп бөлгүм келбейт. Бишкекте, Ошто, Нарында — деги эле бардык жерде — менин чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар бар.

— Сиз өлкөнүн бардык жерине гастролго барасыз. Бишкектин көрүүчүлөрү, мисалы, Нарындыкынан же Оштукунан айырмаланабы?

— Менин көрүүчүлөрүм мага бөлөк-бөтөн эмес, ошон үчүн аларды жер-жерлеп бөлгүм келбейт. Бишкекте, Ошто, Нарында — деги эле бардык жерде — менин чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар бар. Болгону, менин байкаганым, ар кайсы облуста ар башка ырды көбүрөөк жактырышат: Баткенде бирөөнү болсо, Бишкекте экинчисин сурашат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сүйүктүү угуучуларыма рахмат айткым келет!

— Сиз той-үлпөттөрдө да ырдайсыз да. Бөтөнчө бир нерсе жасап бер деп сураган учурлар болгонбу?

24 жаштагы тай боксчу Шахриза Халилова - Sputnik Кыргызстан
Тай боксчу Шахриза: мурдумду далай сындырышты, мен да эч кимди аяган жокмун
— Биздин элде өтө аша чапкандык деле болбойт. Бир жолу менден айымдар аткаруучу "Жар-жар" деген ырды ырдап бер деп сурашты. Аны кыз-келиндер гана аткара турганын түшүндүргөм. 

Дагы бир жолу бизди бир кыздын туулган күнүнө чакырышты. Келсем, ошол кичине кыз менен эле анын жалгыз досунун алдында ырдаш керек экен. Ата-энеси гонорар төлөп бергенине карабай, мен үчүн ырдаш ыңгайсыз болгон. Ошондон кийин жок дегенде 50-60 киши болсо гана ырдап чыкканга аракет кылабыз. 

— Дүйнөлүк жылдыздардын кимиси менен бир сахнага чыгып ырдайт элеңиз?

— Бейонсе менен. Ал азыр дүйнөдө биринчи турат.

— 20 жылдан кийин сиз кандай болосуз?

— Сырткы келбетим сакталып каларбы же калбайбы, билбейм, бирок жүрөгүмдө жаш бойдон каларым анык! Аябай жакшы үн жазуучу студия ачсам дейм. Жаш аткаруучуларга жардам бергим келет. Дагы эмне? Пландарым, тилек-ойлорум көп!

Жаңылыктар түрмөгү
0