Күбө: №-50 түрмөнүн жетекчиси Итибаевдин жанынан телефон табылганын жашырып койгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абактан качкандардын бири Алтынбек Итибаев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн. Аны кармоо учурунда үч киши каза болгон.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чүй облусундагы №50 түрмөдө кармалгандар качар алдында тинтүү жүргүзүлүп, Алтынбек Итибаев отурган камерадан телефон табылганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы кызматкери Камил Токтобек уулу билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов райсотунда №50 түрмөдөн качкандардын иши каралууда.

"Итибаевдин жанынан телефон тапкам, бирок жетекчилик желим баштык табылды деп маалымат бер деген. Мага мындай көрсөтмөнү №50 түрмөнүн жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Сатаев берген. Тинтүү кармалгандар качар алдында төрт күн мурун жүргүзүлгөн", — деди Токтобек уулу.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Мотуев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды
Белгилей кетсек, 2015-жылы 11-октябрдан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон.

Атайы операция учурунда качкындын бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. Издөө иш-аракеттеринен улам, Бишкектин чет-жакасынан эки кылмышкер жок кылынган. Көп өтпөй дагы бири кармалып, түрмөгө кайтарылган. Эркиндикте калган акыркы кылмышкер Алтынбек Итибаев "Достук" кичирайонунда экени маалым болгондон кийин ИИМ жетекчиси башында турган атайын операция жүрүп, натыйжада ал атып өлтүрүлгөн.

Операция учурунда бир милиция кызматкери жана эки жай адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0