Окуучулардын кыргыз тилди билүүсүн текшере турган сынамак тест ишке кирди

Жазылуу
Кийинки жылдан баштап бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден тест тапшырат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Шейшембиден тарта мектеп окуучуларынын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктай турган тест ишке киргенин Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Facebook баракчасына жазды.

Сариева ошондой эле 2014-жылы өкмөт программа кабыл алганын, ага ылайык кийинки жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилинен тест тапшырышы керектигин белгилеген.

Мектеп мугалими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: 1-майдан тарта илимий даражасы бар мугалимдердин айлыгы көбөйөт
Тестти биринчилерден болуп шаардагы 10-класстын окуучулары тапшырат. Бул тестирлөө тилди окутуунун методикасын жана окуу китептерин жакшыртуу үчүн анализ жүргүзүүгө жардам берет деп жазат министр айым.

Азыркы онунчу класстын окуучулары кийинки жылы ушул тестти тапшырат. Жаңы окуу жылынан тартып Улуттук тестирлөө борбору окуучулардын тест менен таанышуусу үчүн Кыргызстан боюнча сынамак тесттерди жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0