"Зеленстрой" шаар көчөлөрүнө миллиондон ашык гүл тигет

Жазылуу
Көчөлөрдү бойлой сальвия, тагетис, георгин, пеларгония, агератум жана герань гүлдөрү отургузулуп жатат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу "Зеленстрой" ишканасы борбор калаанын көчөлөрүнө гүл тигип жатканын муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарды көрктөндүрүү иштери 10-июнга чейин жүрөт. Мында бир жылдык өсүмдүктүн сальвия, тагетис, георгин, пеларгония, агератум жана герань түрлөрү отургузулуп, жалпысынан 1 миллион 218 миң 473 түп гүл тигилет.

Учурда гүлдөр Абдрахманов көчөсү менен Манас проспектисин бойлой жана жаштар аллеясына отургузулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0