Нурлан Мотуев эки айга камакка алынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКамак. Архив
Камак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотуев элди терроризмге үгүттөгөн деген шек менен кармалган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Коомдук ишмер Нурлан Мотуев убактылуу кармоо жайына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы боюнча комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Мотуевди камакка алуу боюнча чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент: мамлекетте башаламандык жаратууга аракет жасагандарга катуу чара көрүлөт
Буга чейин айрым ЖМКлар Мотуев "Элдик парламенттин" жыйынында шариаттын мыйзамын киргизип, "Ислам мамлекетиндегилер" сыяктуу жашоого чакырганын жазып чыгышкан. Ага карата кылмыш жаза кодексинин 226-беренесинин 2-бөлүгү (Террористтик ишмердүүлүккө чакыруу) жана 299-беренесининин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык келишпестикти козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин 12-майда УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик "бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн" жана "бийлик адамына карата зомбулук кылууга даярданган" деген шек менен "Элдик парламенттин" өкүлдөрү делген Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалган. Алар 12-июлга чейин камакка алынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0