Нью-Йоркто КРдин БУУдагы өкүлү Көчмөндөр оюну тууралуу айтып берди

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Миргүл Молдоисаева Нью-Йорк шаарында БУУ радиосунда
Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Миргүл Молдоисаева Нью-Йорк шаарында БУУ радиосунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө болот. Анда спорттун 26 түрү боюнча 40 өлкөнүн спортчулары күч сынашат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмундагы өкүлү Миргүл Молдоисаева Нью-Йорк шаарында БУУ радиосунан Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу айтып берди. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарында чыныгы улак тартылат
Маектин жүрүшүндө Молдоисаева 2014-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, иш-чаранын максаты тууралуу айтып берип, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деңгээлде өтөрүн баса белгиледи. 

Мындан сырткары, ал көчмөн элдердин маданиятын, улуттук оюндарын сактап калуу өтө маанилүү экенин кошумчалап, бардык каалоочуларды иш-чарага чакырды. 

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө болот. Анда спорттун 26 түрү боюнча 40 өлкөнүн спортчулары күч сынашат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0