Юрий Бобковдун "Айылга каты". Чүкө ойногон унутулгус учурлар, 7 атаны билүү парзы

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЭл артисти Юрий Бобков. Архив
Эл артисти Юрий Бобков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда Юрий Бобковду тааныбагандар аз болсо керек. Бул ирет "Айылга кат" жолдогон Юрий байке кийинки муундарга жети атаны биле жүрүү зарылдыгын айтып, балалыктагы чүкө ойноп, "Сынган кылыч" сыяктуу чыгармаларды кайра-кайра кайталап окуган учурларын эстеди.

Мен Тоңдун борбору азыркы Бөкөнбаев, мурдагы Кольцовканын төрөт үйүндө жарыкка келгем. Ал эми балалыгым көл жээгиндеги "Тоң" деген совхоздо өттү. Булар менин киндик кан тамган жерлерим. Кат жазып жатып, көп учурлар эске түштү. Бул кат аркылуу балалыгым өткөн кичи мекениме, мектептеги класс жетекчим Айылчы Моңолдоровго, айылда азыр жашап жаткан классташтарыма салам жолдойм. Кат алыскы балалыгыма жетеледи. 

© из семейного архива Юрия БобковаРодители народного артиста Кыргызстана Юрий Бобкова
Родители народного артиста Кыргызстана Юрий Бобкова - Sputnik Кыргызстан
Родители народного артиста Кыргызстана Юрий Бобкова

Согуштан кийин айылдагылар, алардын ичинен ата-энелер көбүрөөк чогулуп, ырдап, бири-бириникине конок болушар эле. Ошондой үлпөттөрдүн биринде үйдөн чыгып кетип, Вася деген досум экөөбүз трактор казып салган суусу толо аңга түшүп кеткенбиз… Чынын айтсам, ызы-чуу болушуп, ким байкап калганын, кантип сууруп чыккандары эсимде жок. Муну менен бала кезимде бир топ эле тентек болгонумду айтайын деп жатканым. Согуш туурасында кинолорду көргөндө "полуторка" деген машиналарды көрүп калып жатпайбызбы. Атам ушундай машина айдачу эле. Кольцовкадан чыгып бара жатканда 3-4 жашымда, аябай эсте калганы — четтеги үйдүн короосунда кичинекей баланын чачын устара менен алып жатканын көрүп, жаман болгом. Анда түшүнбөйм да. Апамдын айтуусунда, тигил баланы кыйнап жатышат деп ыйлаптырмын. Ата-энем иштин жайын түшүндүрүп, мени тынчтандырган экен. Бирок ошол картина эмнегедир дагы деле көз алдымда… Атам Иван Бобков совхоздо прораб эле, инженерлик кызматка которулуп, Бөкөнбайга көчүп бардык. Бала бакчага барганым да эсимде. Үй-бүлөдө мен ата-энемдин онунчу, эң кенже уулумун. Ошентип, 1963-жылы Бөкөнбаев атындагы мектепке кирдим. Ал өзүнчө бир жашоо.

Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркы скайп менен бир барак каттын касиетин салыштырган Султан Жумагуловдун айылга каты
Чүкө ойногон учурлар. Бала кез сонун өттү. Анын үстүнө көл деген керемет бар, андан сырткары тоого чыкчубуз. Чүкө ойноп, лянга тепчүбүз. "Үч тапан", "төр", "ордону" жашырынып алып катырчубуз. Анын эрежелери азыр деле эсимде. Булар менин жакшы көргөн оюндарымдан эле. Мугалимдер урушат, ага болбой, кайра тымызын чүкөгө кетебиз… Ал оюндар спорт экенин азыр билип жатпайбызбы. Кыскасы, майка-турсачан болуп чымылдап чуркап жүрчүбүз. Ии, баса, чакалап суу ташыган күндөрүм алигиче эсимде, апам кир жууган күндөрү төрт беш-иреттен эки чаканы колго көтөрүп алып суу менен камсыз кылмай. Аны да төрт-беш квартал алыстан ташып келчүбүз. Көк элем, бир тынбай үйгө чейин көтөрүп барчумун, анымды көрүп алып, апам "улам эс алып ташып келсең боло" деп чырылдачу. Азыр эстесем, энеге ар бир бала ушунчалык кымбат болот тура. Апам мени аячу экен да…

Зымдан жасалган коёнду камаган темир торлор болор эле. Аны оронуп алып, соот кийим катары элестетип, жасап алган кылычтар менен чабышабыз, оюбузда ушундай бир алп баатырларбыз. Айтор, бала кез менде бактылуу көз ирмемдер менен коштолду.

Музыкага жетеленип… Ал кезде эстрада деген жок. 5-класстан баштап үйлөмө оркестрдин кенже курамына кирип, жарым жылдан кийин эле Ишенбек Жылкыбаев аттуу досум экөөбүз алдыга суурулуп чыга келдик. Бал маскарад, жаңы жылдагы иш-чараларга катышабыз. Улуу курамдагы балдар-кыздар менен бийлейбиз деп бизди кошо алып кетишет. Алардын ордуна астыңкы катарда отуруп труба ойнойбуз. Башка теңтуштарыбыз терезеден шыкаалып карашат, суктанып… О-оо, ал биз үчүн өзүнчө бир сыймык эле… Балабыз да.

Райондогу үйлөмө аспаптар оркестринин жетекчиси райондон кетип калып, 7-8-класстарды жетектеп калдым. Анткен менен музыкага болгон сүйүүң күчтүү болсо, баарына жетишет экенсиң, ал жерде иштеп, башка иштерге да үлгүрүп жүрдүм. Биз жок бир да иш-чара өтчү эмес. СССРдин, Кыргыз Республикасынын гимндерин салтанаттарда ойночубуз.

Айылга кат. "Кемпир чайды" сагынган Токтобек Асаналиевдин тынчыбаган санаасы
Кыялга жеткирбеген кырсык. Бала кезде учкуч болом деп кыялданар элем. Алтынчы класска чейин бул жааттагы болгон адабиятттарды окуп чыгып, учкучтарды даярдоочу окуу жайга кандай талаптар менен кабыл алынарын, спорт биринчи орунда турарын, талап деген катуу коюларын ийне-жибине чейин жаттап алгам. Тилекке каршы, жол кырсыгына кабылып, жаракаттан улам баягы кыялдан үмүтүмдү үзгөнгө туура келди. Анткен менен бул катты жазып жатып, бирок, эч качан өткөнгө өкүнбөш керектигин, жашоону андан ары улантып, өмүр сүрүү керектигин окурмандарга айтып кетүүнү эп көрүп турам. Бул менин туу туткан принцибим.

"Досум Үсөндүн" алгачкы тарыхы, "крышаны" тайдырган Чоро Кожомжаров. Чоңоюп калгандыктан музыкага болгон ышкым күч ала баштады. 1969-жылдары Чоро Кожомжаров кыргыз эстрадалык тобун түзүп, элге дүң болгон эле. Аны биз да билип, электрогитаранын үнүн укканда, орустар айтмакчы "крыша кетип калды". Жата калып угуп жүрдүк. Чоң байкелер клубда чогулуп, ырчылык менен алектенчү. А мен мектептеги балдарды чогулта баштадым. Электр түркүктөрүнө коңгуроолор илинчү, аларды уурдайбыз. Себеби музыка ойнош үчүн инструмент жасаш керек да. Анан айылдарга барып концерт коёбуз, азыр эстесем, эстрадада ойногон балдар космонавттардан кийин эле популярдуу болуптурбуз. Ошентип жүрүп "Кызыл Гүл" болдук, андан кийин ал "Досум Үсөнгө" айланды. Эстрада ал кезде Батыштын желаргысы катары кабылданып, өгөйлөнчү. Анткен менен 1971-жылы райондук компартия биздин ансамблди баягыдай чанбай, эмгегибизди таанып, анан райондук партиялык жыйынга концерт коюп берүүгө чакырды. О-оо, ошондогу бактылуу болгонубузду азыр да сөз менен жеткире албайм. Эсептесем 15 жашта экенмин. Концерттен кийин сыртка чыгып, аалам биздики болуп, сүрөткө түшүп, абдан кубанганбыз. Ошол расмий ирет биринчи концерт бергенден бери 45 жыл өтүптүр. Быйыл "Досум Үсөндүн" 45 жылдык юбилейин белгиледик.

Ал кезде Фрунзеден жаңы ачылган Искусство институтунан атайын комиссия барып, 10-классты бүтө элек жатып баягы үйлөмө оркестрдин "артисттери" дароо эле студенттикке кабыл алындык. Ленин колхозунун Ишен Тойчубеков деген аттуу башкармасы бар эле. Алысты көрө билген, кыраакы, иш билги жетекчи болчу. Ал "колхоздо иштеп калсаңар, чет элдик гитара, музыкалык аппаратура алып берем" деди. Бул биз үчүн жомок эле да, баарыбыз макул болдук. Ошентип институтту таштадык. Бул үйдөгүлөр үчүн күтүүсүз окуя болду. Мен апамдар урушпасын деп Прежевальск шаарына бир нече күнгө качып кеттим… Курулуш отряддарында күндүзү иштеп, кечинде эрмегибиз музыка. Бул биз жалындап берилген, чын дилибиз менен музыканы сүйүп, анын өнүгүшүнө салым кошкон бактылуу учурлар эле. Ошентип "Досум Үсөн" кадамын уланткан. Азыр деле ойноп калам, жандуу ойногон группам бар.

Алтынай Нарбаеванын айылына жазган каты. Рафик агайга айтылган салам.
Ата-энем туурасында. Апам окуппациядан, атам үч согушунан – Финн, Ата Мекендик жана Япон алааматынан өткөн. Атам Фрунзедеги аэроклубдун биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн жана алгачкылардан болуп учкучтук кесипке ээ болгон. Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегелдинов Тамгадагы санаторийге келгенде биздин мектепте жолуккан жайы бар. Анда да учкучтукка таасирленгенимди азыр да унутпайм. Атам согушта жүргөндө эки кара кагаз келген экен. Самолеттен атып түшүргөндө өлдү деп ойлошкон, бирок ал партизандардын колуна туш келип, аман калган экен. Атам үйгө 46-жылы кайтып келиптир…

Апам Галина Максимовна Бобкованын энелик касиети албетте, өзүнчө сөз. Анын сулуулугу тууралуу легенда жүрчү. Фрунзеде анда төөлөр болор эле. "Галя өткөндө эркек эмес, ургаачы төөлөр кайрылып карачу" деп айтышар эле. Ал киши түбү Ставрополдон болчу, немистердин атуусунан кудайдын барманы менен аман калыптыр. Гитара менен укмуш ырдачу. Согуш айтор, алардын турмушуна көп так салган. Ата-энем өмүр бою ынтымактуу жашап өтүштү. Алгач он бир тууган болсок, кийин жетөөбүз калдык, азыр бешөөбүз барбыз.

Мен жети атамды билем. Дагы бир кызык факты — мен жети атамды билем. Улуу байкемдин менин атымдан коюлган Юрий аттуу уулу Краснодар шаарындагы илимий изилдөө институнун башкы инженери эле. Тилекке каршы, кайтыш болуп кетти. Ошол Юрий Бобков үй-бүлөсү менен эки жыл мурда Кыргызстанга конокко келип, мага чоң белек тартуулаган. Кыргыздардын арасында чоңойгондуктан жети атаны билүү керек деген түшүнүк мага тааныш. Чоң ата менен чоң эне, таене, таята дегенди билбейт элем да. Агамдын баласы Юрий эрикпей Бобковдордун тукумунун 1860-жылга чейинки тарыхын казып чыгыптыр. Мага Бобковдордун гербин тартуулаган. Көрсө, ата-бабаларым өмүр бою аскердик чоң түзүмдөрдө кызмат өтөгөн адамдар болуптур. Анын баарын ошол инимден билдим да. Анан "менин деле учкуч болом деген ниетим жөн жерден эмес тура" деген ойго келдим.

Эл артисти Керим Турапов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти Керим Тураповдун "Айылга каты". Айылга барган сайын күчөгөн сагыныч
Китептердин баалуулугу, азыркы интернет доору туурасында. Жашоо баары бир кызык, жашоо адамга бир берилет. Кат жазган, китеп окуган кездерди сагынам. Китеп адамдын интеллектуалдык деңгээлин көтөрөт. Ал эми бала кезде "Сынган кылычты" жети-сегиз ирет, "Тынч Дон", "Көтөрүлгөн дың" китептерин тынбай окуп чыкчумун. Азыр балдар, жаштардын баягы кездей китеп окуган учурлары аз экендигин байкайм. Интернет көп ойду бөлүндү кылып, китеп деген дүйнөдөн алаксытып жатат. Мектептеги агайым, класс жетекчим Айылчы Моңолдоров ушул китеп деген сонун дүйнөгө келишиме салымын кошкондугун азыр айтпай кетпесем болбос. Мен бул катым аркылуу кийинки муундарга китеп деген жакшы дүйнөнү унутпоого чакырат элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0