Баатыр энелер президент Атамбаевдин колунан орден алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгаруу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Баатыр эне орденин ыйгаруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атын эл аралык деңгээлде тааныткан алты кыз-жигиттин энелерине Атамбаев ыраазычылык каттарын тапшырды.

БИШКЕК, 14-май – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды. Бул иш-чара Кыргызстандагы Энелер күнүнө карата өткөрүлдү. 

Буга чейин 1902 энени "Баатыр эне" ордени жана алты баланы тарбиялап жаткан 437 апаларды "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо боюнча мамлекет башчысынын Жарлыгы чыккан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды
Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Баатыр эне орденин ыйгарды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБуга чейин 1902 энени "Баатыр эне" ордени жана алты баланы тарбиялап жаткан 437 апаларды "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо боюнча мамлекет башчысынын Жарлыгы чыккан
2/3
Буга чейин 1902 энени "Баатыр эне" ордени жана алты баланы тарбиялап жаткан 437 апаларды "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо боюнча мамлекет башчысынын Жарлыгы чыккан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент энелерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтып, алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктады.
Президент энелерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтып, алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Президент энелерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтып, алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктады.
1/3
Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Баатыр эне" орденин ыйгарды
2/3
Буга чейин 1902 энени "Баатыр эне" ордени жана алты баланы тарбиялап жаткан 437 апаларды "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо боюнча мамлекет башчысынын Жарлыгы чыккан
3/3
Президент энелерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтып, алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктады.

Президент энелерге жалпы кыргызстандыктардын атынан алкыш айтып, алган мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктады. Иш-чарага республиканын ар кайсы аймактарынан көп балалуу 18 эне келип, "Баатыр эне" орденине ээ болду.

"Дүйнөдө энеден ыйык эч нерсе жок. Эненин мээрими болгон үчүн бүткүл адамзат сакталып келатат. Жарык дүйнөгө жаралган наристенин тили да "апа" деп чыгат", — деди Атамбаев.

Ал эми Кыргызстандын атын эл аралык деңгээлде тааныткан алты кыз-жигиттердин апасына Атамбаевдин атынан ыраазычылык кат даярдалган. 

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу жеңиштин 71 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бейкүнөө адамдар өлүп, тынчтыктын мааниси жүз эселеп өсүп турган чак
"Биздин алдыбызда азыркы заманга жараша жаӊы, сапаттуу кыргыз улутун калыптандыруу милдети турат. Андай балдар-кыздарыбыз аз эмес. Арабызда Кыргызстанды регионго, бүт дүйнөгө таанытып жаткан Атай Өмүрзаковдун, Айсулуу Тыныбекованын, Валентина жана Антонина Шевченколордун, Бахадыр Кочкаровдун, Марат Исаевдин жана Элдияр Кененсаровдун апалары турат. "Абийир тапса баласы, ата-энесине бак конот" дегендей, сиздер тарбиялаган балдар минтип ата-энесине эле эмес, бүтүндөй эл-жерине намыс алып келип жатат", — деди мамлекет башчысы.

Ал жогорудагы аталган кыздар менен жигиттердин энелерине элдин атынан алкыш айтып, ыраазычылык каттар менен белектер тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0