Канайымдын 7-кабаттан секиришине себепчи болгон зордукчу 10 жылга кесилди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучу жазасын катуу режимдеги колонияда өтөйт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Москва шаарында үй жыйнатам деп чакырып, 21 жаштагы кыргызстандык Канайымды зордуктоого аракет кылган жаран 10 жылга эркинен ажыратылганын анын жактоочусу Вадим Захаряев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Москвада кафедеги чатакта Касымов украиналык мигранттын колунан каза тапкан
Белгилей кетсек, окуя 2015-жылы 19-сентябрда Москва шаарында болгон. Анда үйүн жыйнатам деп чакырган жаран арам оюн ишке ашырууга аракет кылган. Канайым Апсамат кызы андан качып, 7-кабаттын балконунан алтынчы кабатка секирем деп колу тайып, кулап кеткен. Ал бак-дарактын үстүнө түшүп, омурткалары жана жамбашы сынган.

Захаряев айыпталган Шавкат Акимовдун иши Хорошев райондук сотунда 12-майда каралганын кошумчалады. Ал эми Акимов Кыргызстанда төрөлүп өскөнү маалым.

"Ал Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 131-беренеси "зордуктоо" жана 132-беренеси "сексуалдык мүнөздөгү кордук көрсөтүү" боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Жазасын катуу режимдеги колонияда өтөйт", — деди адвокат.

Белгилей кетсек, Канайымга биринчи операция жасатуу үчүн 500 миң рубль керектелген. Дарыгерлер экинчи операция жасатуу зарылдыгын айтып, ал 300 миң рублди түзөрүн билдиришкен. Канайымдын апасы Гүлшан Матаева мынча каражатты таба албастыгын айтып, мекендештерден жардам сураган. Канайымдын экинчи операциясы үчүн Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 300 миң сом берген. Андан сырткары, Россияда жүргөн мекендештер да 100 миң рублдан ашык каражат чогултуп беришкен. 

Москвада жашап, иштеп жүргөн Жылдыз Осмонова өзүнүн Facebook баракчасына учурда Канайымдын абалы жакшы экенин, ал басып жүргөнүн жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0