08:18 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Киргшёлк айылында үч аялдын бычакталып өлтүрүлүшү (7)
217 0 0

Бычак жеп өлгөн аялдар бири-бирине тууган болгон. Үйдөн 56, 59 жана 25 жаштагы аялдардын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ысык-Ата районунун Киргшёлк айылында үч аялды бычактап өлтүрүүгө шектелип 18-21 жаштагы алты киши кармалганын ички иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшёлк кыштагында үч айымдын жансыз денесин табышкан. Алардын биринин боюнда болгон. Маалыматтар боюнча үч аял бири-бирине тууган болуп чыккан. Бул окуянын негизинде кылмыш иши козголгон.

Ишти иликтөө үчүн атайы ыкчам топ түзүлүп, тергөө иштери ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган.

"Узакка созулган иликтөөнүн натыйжасында 11-май күнү аталган кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун 21 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушул эле аймакта жашаган 20 жана 18 жаштагы үч жаранды, ошондой эле Ысык-Көлдүн 18 жаштагы жашоочусун кармашкан. 

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Тема:
Киргшёлк айылында үч аялдын бычакталып өлтүрүлүшү (7)

Тема боюнча

Ысык-Атадагы үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча ишти министр Турганбаев өз көзөмөлүнө алды
Ысык-Атада үч аялды өлтүрүп кетишти, анын бирөөсү кош бойлуу экени аныкталды
Белгилер:
Ысык-Ата, ИИМ, адам өлтүрүү, шек

ЭҢ МААНИЛҮҮ