Кенжеев Олимпиада лицензиясынан мельдоний үчүн ажыратылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМельдоний даарысы. Архив
Мельдоний даарысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан жолдомого Казакстандын Астана шаарында өткөн лицензиялык турнирде ээ болгон.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев Олимпиадалык лицензиядан мельдоний каражатын пайдаланганы үчүн ажыратылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан Олимпиадага катышуу үчүн кезектеги жолдомого ээ болду
Улуттук олимпиада комитети грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун алынышы боюнча абалга түшүндүрмө берип, спортчу мельдоний каражатын колдонгону үчүн ушундай чара көрүлгөнүн маалымдады. Бул допинг каражаты 2016-жылдын 1-январынын тарта тыюу салынган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан жолдомого Казакстандын Астана шаарында өткөн лицензиялык турнирде ээ болгон

Аталган допинг үстүбүздөгү жылдын март айында Австралиянын ачык чемпионатына катышкан россиялык спортчу Мария Шараповадан да табылган. Анын кесепетинен теннисчи 12-марттан тарта мелдештерге катышуудан четтетилген болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0