Жолдун "каршы тилкесине" чыгып, эреже бузган троллейбусту күбө тартып алды

© фото очевидца Александра К, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жолдун каршы тилкесине чыгып алган троллейбус
Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жолдун каршы тилкесине чыгып алган троллейбус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө троллейбус бул кадамга жолдун ортосунда коляскадагы майып тургандыктан айласыздан барганын айтат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө троллейбус жолдун каршы тилкесине чыгып, жол эрежесин одоно бузду. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран WhatsApp аркылуу жөнөттү.

"Бул көрүнүштү Горький – Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен тартып алдым. Троллейбус жолдун ортосунда коляскага отурган майып тургандыктан бул кадамга айласыздан барды окшойт", — деп жазат күбө.

Жолдун ортосунда турган майыпты күбө сүрөткө тарта албай калган.

Эгер сиз кайсы бир окуянын күбөсү болуп сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз медиа файлдарды бизге +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0