Ошто өтүүчү жармаңкеге төрт өлкөдөн 100гө чукул ишкер келет

Жазылуу
Уюштуруучулар бул кадам өлкө үчүн жаңы инвесторлорду табууга мыкты мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ош шаарында өтүүчү "Экспорт жаз-2016" жармаңкесине өнүккөн өлкөлөрдүн бизнесмендери келет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти Руслан Алыбаев билдирди. 

Анын айтымында, иш-чара 20-24-май күндөрү Ош шаарында өтүп, анда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар тартууланат. 

"Бул көргөзмө бизнесмендердин тажрыйба алмашуусуна жакшы шарт түзүп берет. Жармаңкеге Россия, Бангладеш, Индия, Казакстан жана Кыргызстандын ар аймактарынан келген ишкерлер катышат. Жалпы жонунан 100гө чукул ишкердин келүүсү күтүлүүдө", — деди Алыбаев. 

Ал мындай аракет өлкө үчүн жаңы инвесторлорду табууга мыкты мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0