Бишкекте бүгүн жаштардын VI илимий форуму өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек көтөргөн студенттер. Архив
Желек көтөргөн студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар этностор аралык мамилелердеги мамлекеттик саясаттын келечегин талкуулашат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаада студенттер, жаш илимпоздор, эксперттер катышкан илимий форум өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик башкаруу академиясынан кабарлашты.

Илимий VI форум Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө максатында өтүп жатат деп билдиришти уюштуруучулар.

"Студенттер, жаш окумуштуулар, эксперттер, мамлекеттик мекемелер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү этностор аралык мамилелердеги мамлекеттик саясаттын келечегин талкуулашат",— деп кабарлашты аталган окуу жайдан.

Уюштуруучулар форумду Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети биргелешип өткөрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0