Окуусун таштап айылына аттанган Райым унутта калган Миң-Кушту өзгөртүү ниетинде

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу. Архив
Айылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи курстан окуусун таштап Нарынга баса берген Райым Тилекбек уулу өз айылынан кеткиси жок. Ал кичи мекенин өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн жаштар уюмунда иштеп жатат.

Таштандыдан кантип арылуу керек. Алыскы Ат-Башынын мисалынан
Айылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу долбоор жазып, андан уткан каражатка чач тарач ачып, миң-куштуктардын сообуна калыптыр. Эми жергиликтүү эл жолго 300 сом коротуп район борборуна каттабай, алеки саатта чачын тегиздеттирип ала тургандыгын, андан сырткары айылды өзгөртүүгө аракет көрүп жатканын Райым Тилекбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин корреспонденти Айида Батырбекова менен болгон маегинде айтып берди.

— Жаштардын көпчүлүгү шаарга качып жаткан маалда окууну таштап айылга кетип калыптырсыз… 
— Үйдүн жалгыз уулумун. Ата-энем иштегендиктен чоң апамды караганга киши жок болуп, үйлөнүүгө туура келди. Мындан улам экинчи курста окууну таштап айылга жөнөй бердим. Учурда эки балам бар.

— Айла жоктон кеткен экенсиз да?
— Жок, андай эмес. Жакындарыңа колкабыш кылуу айла жоктун иши деп эсептебейм. Ата-эне, чоң-ата, чоң-энелерим үчүн кызмат кылуу мен үчүн чоң сыймык.

— Мүмкүн мыкты окусаңыз ата-эненин эле эмес, элдин уулу болууга жол ачылмактыр?

— Мен айылга барып эле кой кайтарып, чоң энемдин көзүн карап отуруп калган жокмун да. Жаштар уюмунун мүчөсү катары коомдук иштерге активдүү катышып, айылды өнүктүрүүгө акырындап болсо да салымымды кошсом деп кадам таштап жатам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу
Член сельской молодежной организации Райым Тилекбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Айылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу

— Активдүү дегендин аркасында кандай иштер жатат?

Токтогул суусунан өтчү 3 млрд. долларлык көпүрөнүн макети жасалды
— Миң-Куш айылы эки тоонун ортосунда жайгашып, жер тилкелери жокко эсе. Мындан улам жалпы эл мал чарбасы менен алектенет. Айылым өнүгүп кеткен деп мактана албайм. Жасай турган иштер абдан көп. Ушул күнгө чейин чач тарач жок эле. Тоону тоңкоруп жатабыз деп айтпайм, анткен менен ишти майда көйгөйлөрдү чечүүдөн баштадык.

Азыр айылга чакан чач тарач ачтык. Буга чейин окуп келгендер болгону менен алар ишсиз жүрүшкөн. Эл 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Чаекке барып чач кырктырып келет. Барган-келген жол киреси 150 сомдон 300 сом болуп кетип жатат. Мындан улам жаштар уюмунун балдары долбоор жазып грант утуп алдык. Учурда чач тарач үчүн жаштар үйүнөн атайын бир бөлмө берилип, керектүү жабдыктарды орноттук. Саналуу күндөрдөн кийин ишке кирет. 

— Мындай пайдалуу долбоорлорду жазууну кайдан үйрөнүп алдыңыз?

— Чет элдик уюмдар уюштурган тренинг-семинарларга көп катышам. Азыр дагы бир окутууга катышуу үчүн Бишкекке келдим. Мындай иш-чаралардын пайдасы жакшы эле болот экен, башкалар менен жолугуп, алардын тажрыйбаларын сурап, билесиң. 

— Кандай китептерди окуйсуз?
— Китеп окуганды көп жактыра бербейм. Теорияга караганда иш жүзүндө көрүп, билип, өздөштүргөнгө умтулам. Бирөө айтып берсе жакшы түшүнөм. Мисалы, электриктин ишин жакшы билем, бирок аны мен окуган эмесмин, байкелерден эле үйрөнүп алгам.

— Үйдүн жалгыз уулу болуп, бирок коомдук иштерден колуңуз бошобой жүрсөңүз, ата-энеңиз эмне деп жатат?

— Жалгыз уул болгондуктан, албетте, үйдүн жүгү менин мойнумда. Учурда Спорт мектебинде иштеп, айлыгымды үйгө жумшайм. Андан башка малыбыз бар. Мал караганга жубайым колума кол, бутума бут болуп жардам берет. Ата-энем айылдыктардын жашоосун жакшыртууга кошкон салымыма кайдыгер карабай тургандыгын билем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу: "Мен айыл жаштары сыртка чыкпастан өз мекенинде кызмат кылса деген принципти карманам"
Член сельской молодежной организации Райым Тилекбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Айылдык жаштар уюмунун мүчөсү Райым Тилекбек уулу: "Мен айыл жаштары сыртка чыкпастан өз мекенинде кызмат кылса деген принципти карманам"

— Дагы кайсы багыттарга долбоор жазсак деп турасыз?

Сариев: эки жыл ичинде Миң-Куштун эли Чаекке көчүрүлөт
— Нарында көмүр казган тогуз карьер иштейт. Андан сырткары элдин үлүшүндөгү дагы кендер бар. Ошол бекер сырьену колдонуп көмүр брикеттерин жасасакпы деп пландап жатабыз. Көмүр брикети деген — бул көмүрдүн күлүнөн жасалган отун. Анын бир таңгагы 1-1,5 килограммдан болот да, отко салып койсо төрт сааттан сегиз саатка чейин күйөт. Көмүрдү мүшөгү менен сатып алып аны карала-торала болуп жаккыча брикеттер ыңгайлуу. Андай брикеттерди жасоочу жабдыктын бирөөсү бир миллион сом турат. Эми ошого каржы булагын издеп жатабыз. 

— Келечектеги Миң-Кушту кандай элестетесиз? 
— Инфраструктурасы өнүккөн кичинекей шаарча катары элестетем. Эгер жаштар бирдикте иш алып барууну улантсак, ал күн деле алыс эместигине ишенем.

— Башка өлкөгө же Бишкекке жашоо мүмкүнчүлүгү жаралып калса, айылыңыздан көчөт белеңиз? 

— Жок, мен айыл жаштары сыртка чыкпастан өз мекенинде кызмат кылса деген принципти карманам. Иштейт десе эле чар тарапка таркап кетүүгө каршымын. Себеби, келечек жаштардын колунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0