Эки миңден ашуун апалар "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" орден-медалдар менен сыйланат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана көп балалуу эне. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана көп балалуу эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга өлкө башчысы кол койду.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жети жана алты баланы тарбиялап өстүргөн энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" орден-медалдар менен сыйланат. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Жарлыктардын негизинде КР Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы тарбиялаган 1902 эне — "Баатыр эне" ордени, алты баланы тарбиялаган 437 эне — "Эне даңкы" медалы менен сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Энелер күнүнө карата Бишкекте сүрөт көргөзмөсү өтөт
Энелер күнүн майрамдоонун башатын, кыязы, байыркы Грециянын жашоочулары Зевс кудайынын энеси Реяга арнаган жаз майрамынан издесе болот. 1600-жылдан тартып Англияда Энелик жекшембини майрамдоо салты пайда болгон. Эл аралык энелер күнүн Анна Жервис демилгелеп чыккан. Ал 1907-жылы дүйнөдөн эрте кайткан өз энесин эскерүү катары энелердин урматына майрам өткөрүүнү сунуштаган. 1910-жылы Виржиния штаты биринчи болуп Энелер күнүн расмий майрам катары тааныган. Ал эми 1912-жылы Энелер күнүнүн Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул майрам түрдүү күндөрү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0