Чүй облусундагы медреселерде окутулган китептер текшерилүүдө

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүДиний китеп. Архив
Диний китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын комиссия диний окуу жайдагы окуу куралдарын көзөмөлдөшөт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чүйдүн аймагында жайгашкан медреселерди облус казысы Максат ажы Укуев текшерүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, беш кишиден турган комиссия медреселерде окулуп жаткан китептерди, балдардын окуу куралдарын жана диний окуу жайдагы иштердин тартиптерин көзөмөлдөшүүдө.

Кечээ, 10-майда Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы "Ала-Тоо" медресеси текшерүүгө алынган. Анын жетекчиси Кыргызбай уулу Тумар ажынын айтымында, азыркы учурда медреседе 30 бала, ал эми Ивановка айылында 40 кыз билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0