Мэрия акыр-чикир толгон арыктар тууралуу WhatsApp менен билдирүүнү сунуштайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСуу арыгынын алдында жаткан таштанды. Архив
Суу арыгынын алдында жаткан таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жуманын аягына чейин республикада жаан жаай турганы маалымдалды. Мэрия шаардагы район администрацияларына бекитилген WhatsApp номерлер аркылуу тазаланбаган ирригациялык системалар тууралуу билдирип турууну өтүнөт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Узакка созулган нөшөрлөгөн жаандан улам мэрия шаардыктарга акыр-чикир толгон арыктар тууралуу WhatsApp номер аркылуу билдирүүнү сунуштайт. Мындай маалыматты муниципалитет таратты.

Күбө: нөшөрлөгөн жаандан улам машиналар сууда "сүзүп" калышты
Учурда мэрия шаардын ирригациялык системасын тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери тарабынан 21,97 чакырым арыктар тазаланды. Ал эми жалпы жонунан аталган ишкананын карамагында 86,6 чакырым ирригациялык система бар.

Жаандан улам Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарынан, өзгөчө курулуш компанияларынан арыктарды жөнү жок таштандыга толтурбоосун өтүнөт.

Ирригациялык системанын толуп калышын байкаган шаардыктар өз дооматтарын даректи так көрсөтүү менен төмөнкү WhatsApp телефон номерлерине кайрылса болот:

 

  • Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0 (556)250582;
  • Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0 (777)552211;
  • Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — 0 (558) 336640;
  • Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0 (773) 567370.

 

Өткөн жума жаан-чачындуу болду. Синоптиктердин божомолунда бул аптанын аягына чейин жаан-чачындуу аба ырайы сакталат. Нөшөрдүн кесепетинен Аламүдүн базарындагы унаа токтотуучу жайды суу каптап, жол кыймылына тоскоолдук жаратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0